БАЙМЫРЗА: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙМЫРЗА Хайт (17. 12. 1917-ж. т., Өзбекстан, Наманган аймагы) - түрк элдеринин тарыхын изилдеген окумуштуу. Ташкендеги О. Азия ун-тинин тарых ф-тин (1938), Германиядагы Мюнстер (Вестфалия) ун-тин (1950) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1941-ж. Слуцк ш-нын алдындагы салгылашууда туткунга түшүп калып, ошол жылы күзүндө Ченстоховадагы (Польша) туткундардын лагерине айдалган. 1942-ж. жазында Түркстан легионуна кабыл алынган 262 түркстандыктын катарында Б. да болгон. Согуш аяктагандан кийин Германияда калып, билимин уланткан. 1950-ж. «Кокон жана Алаш Ордо улуттук өкмөттөрү» деген темада диссертация коргогон. Анын 400гө жакын ил. эмгектери, а. и. 9 монография, 13 китепчеси жарык көргөн. «Түркстан XX кылымда» аттуу эмгегинде басмачылар кыймылына улуттук кыймыл катары баа берип, Совет мамлекетинин курамындагы түрк элдеринин тарыхын жацыча көзкараш м-н чагылдырууга аракеттенген. «Түркстандын экономикалык маселелери», «Түркстан Россия менен Кытай аралыгында» ж. б. эмгектеринде Россиянын Түркстандагы оторчул саясатына талдоо жүргүзүп, «Алашордо» өкмөтүнүн ички-тышкы саясаты, өкмөт мүчөлөрүнүн иш-аракеттери тууралуу далилдүү маалыматтар берилген. Анын эмгектери немец, англис, түрк, орус ж. б. тилдерге которулган. Б. АКШ, Улуу Британия, Түркия ун-ттеринде лекция окуп, баяндамалар жасаган. 1974-ж. Б. «Түркстан сүйүүчүлөр» клубун уюштурган. 1990-ж. анын жетекчилиги м-н АКШда М. Чо кайдын 100 жылдыгы белгиленген. А Кубатова.