БАЙРАК ТОКОЙЛОРУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙРАК ТОКОЙЛОРУ — негизинен токойлуу ж-а талаа зонасынын түн. бөлүгүндөгү коктуколоттуу жерлерде таралган токой массивдери. Азыр алардын айрым бөлүктөрү гана аралча түрүндө сакталган, айрыкча Россиянын европ. бөлүгүндө гана кеңири таралган. Анда эмен, акчечек, кызылкарагап, каражыгач, майда жалбырактуу жөкөдарак, кайың, зараңдын түрлөрү, жапайы алма ж-а алмурут ж. б., Сибирде кайың басымдуу. Бадалдардан лещина, бересклет, шилби, долоно ж. б. кезигет. Ным сактоодо, эрозияга каршы мааниси бар. Жыгачтары тиричиликке кеңири пайдаланылат.