БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР - инди-европалык тилде сүйлөгөн ири уруулар тобу; б. з. ч. 1-к. ченде Рейн м-н Висланын, Дунай м-н Балтика, Түн. деңиздин ж-а Түш. Скандинавиянын аралыгын мекендеген. Б. з. ч. 1-к-да Б. г. отурукташууга өтүп, уруулук жамаат болуп жашап, жерди менчиктебестен, чогуу иштешкен. Б. з. 1-к-нын аягында аларда социалдык жиктелүү башталган. Уруу союздары түзүлүп, колунда байлык топтолгон уруу башчылары, айрымдарында король бийлиги болгон. Королду уруунун эркин мүчөлөрү шайлашкан ж-а анын бийлигин эл чогулушу м-н аксакалдар кеңеши чектей алган. 2-3-к-да өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү уруучулук түзүлүштүн акырындап бузулушуна алып келген. Эл чогулушунун мааниси төмөндөп, мамл. бийликтин белгилери пайда болгон. Бул процессти Б. г-дын Рим империясы м-н болгон тыгыз байланышы да тездеткен. 4-6-к-да алар Элдердин Улуу көчүндө маанилүү роль ойногон. Батыш Рим империясынын биртоп жерин басып алышкан ж-а анын натыйжасында ал аймакта вестготтордун, вандалдардын, остготтордун, бургундардын, франктардын, лангобарддардын королдуктары түзүлгөн. Герман уруулары азыркы кездеги батыш европалык элдердин (немец, швед, даниялыктардын ж. б.) калыптанышына негиз болгон. Европанын көп эли герман тилдеринде сүйлөгөн. Б. з. 1-к-да эле Б. г-дын өз жазуусу болгон.