БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ - 6- 12-к-дагы түрк уруулары м-н элдерине тиешелүү жазма эстеликтер. Ташка, кагазга рун, уйгур, брахма, согду, манихей, сирия (эстрангело) жазуусунда араб тамгасы м-н түрк тилинде жазылган баяндамалардан турат. Б. т. ж. э-н негизинен рун жазмалары түзөт. Ал эрте о. кылымдарда Орхон, Енисей жээктеринде, Чыгыш Түркстан аймагындагы көчмөндөрдүн арасында жаралган. 6-7-к-да Борб. Азиянын түрк тилинде сүйлөгөн калктары, түрк кагандарына баш ийген элдер төмөнкү Волгадагы, Дон, Түн. Кавказдагы түрк уруулары өз жазуулары катары колдонушкан. Алгач рун жазуулары бири бири м-н байланышпаган 37 же 38 белгиден турган. Алар согду жазуусуна караганда жыгачка ж-а ташка түшүргөнгө жакшы ылайыкташкан. Рун

жазмасы түрк тилинин фонет. өзгөчөлүктөрүн так берген. Үнсүз белгилер үндүү тамганын алды же арт жагына келишине
жараша эки түрдө, оңдон солду карай горизонталдык абалда жазылган. О. эле тик жазылган учурлары да кездешет. Алар гот же скандинавия рун жазуулары м-н салышгырылып изилденген. Рун жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү. Рун жазууларынын келип чыгышы ж-дө окумуштуулардын арасында төмөндөгүдөй пикирлер бар: 1) кельт-гот урууларына таандык; 2) енисей кыргыздарынын жазуусу; 3) грек-гот алфавити м-н түздөн-түз байланыштуу; 4) унутулган орус жазуусунун үлгүсү; 5) аска бетине жазылган финн-угор тамгаларынын үлгүсү; 6) грек, түн. финикий, түш. семит алфавиттери м-н жакындыгы бар; 7) ирандын тамгаларына окшоштугу бар; 8) грек алфавитинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган; 9) б. з. ч. 8-5-к-дагы Казакстандагы Ысык көрүстөнүндөгү «алтын адамдын» жанынан табылган күмүш табактын түбүндөгү жазуу байыркы түрк рун жазуусунун башаты; 10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде рун жазуусу согду жазуусунун негизинде жаралган. Рун жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын ж-а ага мүнөздүү үндүү тамгаларды белгилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсебине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Ж. Клосондун изилдөөсү б-ча согду жазуусунан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуусу пайдаланылган. Байыркы рун алфавитин 7-9-к-да О. Азиянын көптөгөн мамлекеттери пайдаланган. 10-к-да рун жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, О. Азиянын түн. чыгышында 10-11-к-га чейин пайдаланган. С. Г. Кляшторный байыркы рун жазмасын колдонулганына, мезгилине, аймагына ж-а жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: 8-11-к-дагы Кыргыз кагандыгынын жазуулары (Енисей бою); 7-8-к-дагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай); 8-10-к-дагы Курыкан уруу бирикмесинин жазуулары (Лена, Прибайкалье); 8-9-к-дагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); 8-к-дагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жетисуу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгач таякчадагы жазуу); 9-10-к-дагы Кимак мамлекетинин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиогр. тексттер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчундуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы ж-а Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы белгилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). 8-11-к-да Енисей боюнда жаралган рун жазуулары Таластагы жазуулар м-н жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазуулардын мүнөзүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калктын бир бөлүгү да аны жаза билишкен. Жазууларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүл гөн.
Ад.: Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории средней Азии. М., 1964; Жумагулов Ч. Эпиграфические памятники Киргизии. Ф., 1988. К. Табалдиев.