БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ . - Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өндүрүү ж-а андан буюмдарды жасоонун жогорку деңгээлде өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түз-
гөн. Фергананын Тентексай, Капыррават, Төөмоюн деген жерлеринен жез алынган. Болжолу, Чуст тургундары Чаткал тоо кыркасынын түш. этегинен, Гава д-нын өрөөнүнөн жезди казып алышкан. Өзгөчө Фергана тоо кыркасында калай кенинин болушу металл өндүрүүгө жакшы шарт түзгөн. Чуст ж-а Дальверзин эстеликтеринен металл өндүрүүнүн кыйла деңгээлин чагылдырган металл уюткулары, шлак, татаал түзүлүштөгү кооздуктарды куюш үчүн даярдалган таш калып табылган. Чуст мад-тына таандык металл буюмдарынын көпчүлүгү колодон куюлган. О. эле калай, мышьяк кошулган буюмдар да кездешет. Фергана өрөөнүндө колого коргошун, висмут, сурьма кошулуп даярдалган буюмдардын болушу мүнөздүү. Колодон эмгек шаймандары (орок, көзөөч, бычак ж.б.), согуштук куралдар (найзанын башы, жаанын жебеси), ат жабдыктар (ооздук ж-а анын төңөлүгү), кооздук ж-а тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган. Ошол эле учурда жерди иштетүү үчүн колдонулуучу таш кетмендер, орок сымал таш бычактар, жаргылчактар, кенташты (руданы) майдалоо үчүн пайдаланылуучу таш балкалар кездешкен, о.эле металл буюмдарды куюш үчүн чегип даярдалган калыптар, чопо идиштердин бетин жылмалоочу таштар, металл курчутуучу бүлөөлөр, чокмордун башы катары колдонулуучу таштар табылган. К. Табалдиев.