БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ '''. - Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өндүрүү | [[Файл:Чуст.jpg|thumb|Белгилүү чуст бычактары]] | ||
'''БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ '''. - Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өндүрүү жана андан буюмдарды жасоонун жогорку деңгээлде өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Фергананын Тентексай, Капыррават, Төө­Моюн деген жерлеринен жез алынган. Болжолу, Чуст тургундары Чаткал тоо кыркасынын түш. этегинен, Гава дарыясынын өрөөнүнөн жезди казып алышкан. Өзгөчө Фергана тоо кыркасында калай кенинин болушу металл өндүрүүгө жак­шы шарт түзгөн. Чуст жана Дальверзин эстелик­теринен металл өндүрүүнүн кыйла деңгээлин чагылдырган металл уюткулары, шлак, татаал түзүлүштөгү кооздуктарды куюш үчүн даярдал­ган таш калып табылган. Чуст маданиятына таан­дык металл буюмдарынын көпчүлүгү колодон куюлган. Ошондой эле калай, мышьяк кошулган буюм­дар да кездешет. Фергана өрөөнүндө колого коргошун, висмут, сурьма кошулуп даярдалган буюмдардын болушу мүнөздүү. Колодон эмгек шаймандары (орок, көзөөч, бычак жана башкалар), согуш­тук куралдар (найзанын башы, жаанын жебе­си), ат жабдыктар (ооздук жана анын төңөлүгү), кооздук жана тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган. Ошол эле учурда жерди иштетүү үчүн колдонулуучу таш кетмендер, орок сымал таш бычактар, жар­гылчактар, кенташты (руданы) майдалоо үчүн пайдаланылуучу таш балкалар кездешкен, ошондой эле металл буюмдарды куюш үчүн чегип даярдалган калыптар, чопо идиштердин бетин жылма­лоочу таштар, металл курчутуучу бүлөөлөр, чок­мордун башы катары колдонулуучу таштар табылган. | |||
''К. Табалдиев.'' | |||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
09:22, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ . - Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өндүрүү жана андан буюмдарды жасоонун жогорку деңгээлде өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Фергананын Тентексай, Капыррават, ТөөМоюн деген жерлеринен жез алынган. Болжолу, Чуст тургундары Чаткал тоо кыркасынын түш. этегинен, Гава дарыясынын өрөөнүнөн жезди казып алышкан. Өзгөчө Фергана тоо кыркасында калай кенинин болушу металл өндүрүүгө жакшы шарт түзгөн. Чуст жана Дальверзин эстеликтеринен металл өндүрүүнүн кыйла деңгээлин чагылдырган металл уюткулары, шлак, татаал түзүлүштөгү кооздуктарды куюш үчүн даярдалган таш калып табылган. Чуст маданиятына таандык металл буюмдарынын көпчүлүгү колодон куюлган. Ошондой эле калай, мышьяк кошулган буюмдар да кездешет. Фергана өрөөнүндө колого коргошун, висмут, сурьма кошулуп даярдалган буюмдардын болушу мүнөздүү. Колодон эмгек шаймандары (орок, көзөөч, бычак жана башкалар), согуштук куралдар (найзанын башы, жаанын жебеси), ат жабдыктар (ооздук жана анын төңөлүгү), кооздук жана тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган. Ошол эле учурда жерди иштетүү үчүн колдонулуучу таш кетмендер, орок сымал таш бычактар, жаргылчактар, кенташты (руданы) майдалоо үчүн пайдаланылуучу таш балкалар кездешкен, ошондой эле металл буюмдарды куюш үчүн чегип даярдалган калыптар, чопо идиштердин бетин жылмалоочу таштар, металл курчутуучу бүлөөлөр, чокмордун башы катары колдонулуучу таштар табылган.
К. Табалдиев.