БАКА ЖАЛБЫРАК: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКАЖАЛБЫРАК (Ріапіадо) - өсүмдүктөрдүн бакажалбырактар тукумундагы уруусу. 260 түрү бар. Түн. ж-а Түш. жарым шарлардын мээлүүн алкагында таралган, кээ бир түрлөрү гана тропикте кездешет. Көпчүлүгү көп жылдык чөп, бир жылдыгы да бар, мис., лузитан Б-ы же коён
жалбырагы Батыш Жер Ортолук деңиз жээгинде, Батыш Азияда ж-а Түш. Америкада тарал
ган. Түн. Африка чөлдөрүндө өзгөчө бадал - мав
ритан Б. өсөт. Кырг-нда
өскөн 10 түрү чөп, тамыры чачы ж-а өзөк. Жалбырагы кезектешип
жайгашат. Айрымдарынын сабагы кыска, жерден араң чыгып турат.
Тамыр жалбырагы жазы, жарыш тарамыштуу, узун саптуу. Гүлү
майда, көрксүз, жашыл, топгүлү - башча
же машак. Мөмөсү - кутуча же жаңгакча. Жол
жээгинде, шалбаада,

кумдак жерде, боздоңдо өсөт. Маңызынын ж-а уругунун дарылык касиети бар. Кырг-ндын бар дык өрөөндөрүндө, тоолорунда жолугат. К. Т. Шалпыков.