БАКАЙ-АТА: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКАЙАТА (1992-ж. чейин Ленинполь) - Талас обл-ндагы кыштак. Бакайата р-нунун ж-а аты окшош айыл өкмөтүнүн борбору. Талас - Тараз (Казакстан) автомобиль жолунан 8 км түштүктө жайгашкан. Облустун борбору Талас
ш-нан 32 км түш.-батыш тарапта. Жамбыл темиржол бекетинен (Казакстан) 90 км.
Кыштак 1882-ж. жанаша жайгашкан Гнеденфельд, Гнаденталь,
Кененненталь ж-а Николайполь айылдарынын кошулушунан
пайда болгон. Деңиз
деңг. 1149 м бийиктикте. Калкы 7215
(2002); негизинен мал
чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Үч орто мектеп, 2
балабакча, оорукана,
дарыкана, мад-т үйү,
балдардын психоневрологиялык жатак
муз. мектеп-интернаты, чакан дүкөндөр,
кафе-барлар бар. Кыштакка жакын жерден
акиташ кени чыгат.
Улуу Ата Мекендик
согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Б-нын пландалган түзүлүшүнө немистик шаар куруу мүнөздүү; көчөлөрү түптүз, чатырлары тик ж. б. Кыштакта Сов. Союз. Баатыры К. Г. Роденко туулган.