БАКАЙ-АТА РАЙОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАКАЙАТА РАЙОНУ (1992-ж. чейин Л е н и н­п о л ь р а й о н у) Талас обл-нда 1936-ж. уюшулуп, 1953-ж. Талас р-нуна кошулган. 1977-ж. кайрадан Ленинполь р-ну болуп түзү­лүп, 1992-жылдан азыркыдай аталат. Чыгышы­нан Талас, батышынан Карабуура, түштүгүнөн Токтогул, Чаткал (Жалалабат обл.), түндүгүнөн Манас р-ндору м-н чектешет. Аянты 2,3 миң км2. Калкы 41,3 миң (2004). Райондо 9 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору - Бакайата (мурдагы Ленинполь) кыш. Район Талас өрөөнүнүн борб. бөлүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Талас Алатоосу (эң бийик жери Күмүштак чокусу - 4251 м), түндүгүндө Эч­килитоосу (2500 м) жатат. Кен байлыктары: күмүш, мрамор, акиташ теги ж. б. Климаты кон­тиненттик, июлдун орт. темп-расы 20°С, январ­дыкы -6...-10°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм. Ири суулары: Үрмарал, Талас, Күмүштак. Өрөөнү боз, тоо бөлүгү күрөң топурактуу. Тоо бөлүктөрүнө ландшафттын бийиктик алкактуу­лугу мүнөздүү. Кургак талаа, талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Райондо облустун кал­кынын 19,6% (2004) жашайт. 2003-ж. калк­тын төрөлүү деңгээли 31,1%о (облуста - 27,5%), өлүм-житим - 6,7% (6,7%), табигый өсүш

Айыл окмөттөрү Бейшеке 5. Кызылоктябрь У. Акдөбө Орто 6. Шадыкан 10. Миңбулак Боотерек 2. Кеңарал Бакайата 8. Өзгөрүш


25,0%они (20,6%о) түзгөн. Райондун калкынын 43,7% эмгек жашына чейинкилер, 48,1% эм­гек жашындагылар ж-а 8,2% эмгек курагынан өткөндер. 2003-ж. райондогу эмгек курагындагы калктын 80,0%ке жакыны эмгектенип, анын 76,3% а. ч-нда, 7,7% билим берүүдө, 3,0% сала­маттык сактоодо, калгандары соода, транспорт, байланыш ж. б. тармакта эмгектенген.
Калкынын көбү кыргыз (98,4%), о. эле орус (0,6%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км 2ге жерге 18 киши.
Райондо мал чарбасы ж-а дыйканчылык (а. и. буудай, төөбуурчак, канткызылча) өнүккөн. А. ч-га жарактуу жери 131,6 миң га, а. и. 23,5 миң га сугат жер, айдоо 23,0 миң га (а. и. сугарылып айдалуучу жер 22,9 миң га), көп жыл­дык дарактар 520 га (а. и. сугатка жарактуу 510 га), чабынды 85 га, жайыт 108,0 миң га (а. и. сугарылма жайыт 143 га; 2004). Дан ж-а төөбуурчак (2003-ж. 44,7 миң т), картөшкө (37,0 миң т), жашылча (10,8 миң т), канткызылча (29,0 миң т) ж-а тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 2003-ж. 9,5 миң уй, 89,6 миң кой, эчки, 4,8 миң жылкы, 25,9 миң үйкушу болгон. 2003-ж. ти­рүүлөй салмакта 5,2 миң т эт (облустун 20,9%), 17,1 млн т сүт (22,7%), 2,7 млн даана жумуртка (17,3%), 306 т жүн (26,2%) алынган. Кыш з-ду, бир нече тегирмен, май чыгаруучу чакан цех­тер, а. ч. шаймандарын жасоочу ж-а оңдоочу чакан устаканалар иштейт. 2003-ж. райондо 1,5 млн сомдук (облустун 0,5%) өнөржай про­дукциясы өндүрүлгөн. Аймагынан Талас - Тараз (Казакстан) - Бишкек, Тараз (Казакстан) - Талас - Өтмөк - Суусамыр - Бишкек автомобиль жолдору өтөт. Автомобиль транспорту м-н 112,8 миң т жүк (облустун 13,1%) ташылган; жүргүнчүлөрдүн жүгүртүлүшү 20,1% млн км жүргүнчү.
Райондогу 18 орто, бир башталгыч мектепте 862 мугалим иштеген. Он бир балабакча, 18 клуб, мад-т үйү, көркөм сүрөт музейи, 30 китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Эки оорукана, 2 амбулатория, 16 ФАП, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. 1939-жыл­дан райондук «Айыл жарчысы» гезити кыргыз, орус тилдеринде чыгат. А Мырзаев.