БАКАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКАН , а ч а б а к а н, т ү н д ү к б а к а н - 1) үй тиричилигинде, айрыкча боз уй тигүүдө колдонулуучу, жоондугу билектей, уз. 3-5 м келген, бир учу ачакей, экинчиси мукур учталган шырык жыгач. Боз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө, үзүктү, түндүк жабууну, эшик чийди салууга, эшик боону түндүктөн өткөрүүгө, жаанда от жакканда түндүк жабуунун бир бурчун көтөрүп тирөөгө, кар жааганда ичинен түрткүлөп, боз үйдүн үстүндөгү карды түшүрүүгө ж. б. колдонулат; 2) найза ордуна курал катары колдонулуучу узун шыргый; 3) апкеч, суу көтөрүүгө пайдаланылуучу узун шыргый жыгач, к. Алабакан.