БАКЕ МАРМАР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАКЕ МРАМОР КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Кочкор кыш-нан 14 км түндүктө, Чүй д-нын оң өйүзүндө, Карагоо тоосунун түн.-батыш капталында. Кен 1928-ж. табылып, 1957-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Мрамор катмары ташкөмүр мезгилинде пайда болгон чөкмөтек­тердин арасында түн.-чыгышка карай созулуп жатат. Калыңдыгы 23-50 м, уз. 500-800 м. Өңү ак, боз, жол-жол темгилдүү. Майда кристал­лдуу, өтө жаракалуу, монолиттердин өлчөмү 0,006-0,01 м3. Жакшы сайкалданат. Мрамор кү­күм түрүндө колдонулат. Жалпы запасы С1 ж-а С2 категориялары б-ча 3987 миң м3. Дубал­дарды каптоого, белек буюм жасоого жа­рактуу. 3-100