БАКИР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАКИР уулу Турсунбай (17. 3. 1958-ж. т., Ош обл., Карасуу ш.) - коомдук ишмер, КРдин ал­гачкы Акыйкатчысы (2002-жылдан). КМУнун тарых факультетин (1984), Киев мамл. ун-ти-

нин аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1975-77-ж. «Ош­курулуш» трестинде, Фрун­зе темир-бетон буюмдарын жасоочу з-дунда жумушчу, 1984-95-ж. ОшМУда оку­туучу, улук окутуучу болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыга­руу жыйынынын депутаты (1995-2000; 2000-02). Фи­лософия илимд. кандидаты (1990). Мамл. кыз­маттын 1-класстагы мамл. кеңешчиси. КРдин Атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси. Акый­катчы (Омбудсмен) катары жарандардын укугун өлкөдө ж-а эларалык деңгээлде коргоп келүүдө. Медалдар м-н сыйланган.