БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ - жашылдандырылган аймактарды түзүү жумушу. Ал бак, парк ж. б-ды пландоону, өсүмдүктөрдү климатка ж-а топуракка жараша тандоону, жолдор, кэл-

мөлөр, скульптура ж. б. м-н айкалышта жайгаштырууну ж-а топтоону ичине камтыйт. Парктын негизги түрлөрү: тектирлүү (тепкичтүү ж-а
каскаддуу участкалары түрдүү деңгээлде жайгашат), регулярдуу «француздук» (геомет. туура формадагы боскеттер, партерлер, көлмөлөр ж-а аллеялардан турат), пейзаждык «англистик» (көкжайык аянттар, ийри-буйру жалгызаяк жолдор, суулар, көлмөлөрдөн турган табигый ландшафт сымал композициялар), миниатюралык бактар (б. римдик перистилдеги короолордогу исп.-мавританиялык типтеги бактар; япон бактары - суу, өсүмдүк, таштан турган символдуу композициялар). Б.-п. и-нун 20-к-дагы максаты - туракжайды жаратылышка жакындатуу. Бишкектеги Каражыгач багы, Достук паркы, Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары маданий ж-а эстетикалык талаптарга жооп берет.