БАКТЕРИОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАКТЕРИОЛОГИЯ (бактериялар ж-а ...ло­гия) - микробиологиянын бактерияларды изил­дөөчү бөлүмү. Ал өзүнчө бир катар тармактар­дан турат. Ж а л п ы Б. бактериялардын мор­фологиясын, физиологиясын, биохимиясын, өз­гөргүчтүгүн, тукум куугучтугун, жаратылышта таралышын, ар кандай азык чөйрөдө өсүшүн, о. эле айлана-чөйрө факторлорунун аларга тий­гизген таасирин ж. б. изилдейт. М е д и ц и н а ж-а в е т е р и н а р и я Б-сы патогендүү оору козгоочу бактериялардын биологиясын, касие­тин, о. эле иммунитет, диагностика маселеле­рин изилдеп, киши ж-а жаныбардын жугуш­туу ооруларын дарылоо, алдын алуу үчүн атайын заттарды иштеп чыгат. А й ы л ч а р б а Б-сы кыртышты жакшыртууга ж-а түшүмдүү­лүктү жогорулатууга, тоют даярдоого (силостоо, ачытуу, нымдоо ж. б.) катышуучу бактерияларды изилдейт. Т е х н и к а л ы к Б-нын спирт, орг. ж-а амин к-таларын, фермент, антибиотик чыгарууда мааниси чоң.