БАКТЕРИЦИДДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАКТЕРИЦИДДЕР - бактерияларды ж. б. мик­роорганизмдерди жок кылуучу хим. каражат­тар. Алардын бактерияга көрсөткөн таасири ар түрдүү. Клетка кабыгын, клетканын бөлүнүү процессин бузат; цитоплазмадагы белокко таасир берет; белок денатурациясын, коагуляция­сын пайда кылат. Дезинфекция каражаттары катары медицинада, тамак өнөржайында, о. эле а. ч-да үрөндү, топуракты дезинфекциялоодо колдонулат. Буларга спирт, формалин, суутек өтө кычкылы, антибиотиктер ж. б. кирет.