БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ , б и о л о г и я л ы к к у р а л - адамдарды, жаныбарларды ж-а өсүмдүктөрдү массалык түрдө дартка чалдыктыруу же өлтүрүү максатында микроорганизмдердин оору козгоочу касиетине негизделген биол. каражат. Б. к-дын негизги жабыркатуучулары - бактерия, вирус, рикетсия, козугарындар ж-а алардын тиричилигинен пайда болгон уулар - токсиндер. Алар согуштук максатта колдонулуп, курт-кумурска, кемирүүчү, кене ж. б-дын, жардамы м-н, о. эле суспензия, күкүм түрүндө таратылат. Бактериялык каражаттарды таратууда атайын ракета, артиллериялык снаряд, авиац. бомба ж. б. да пайдаланылат. Аз күч ж-а каражат жумшап, өтө чоң аянтты жабыркатууга болот. Ал организмге өтө аз өлчөмдө киргенде эле жабыркатат (оорутат). Айрым оору козгогучтардан пайда болгон жугуштуу оорулар, белгилүү шартта оорунун бир очогунан башка жерге тарап, көптөгөн адамга жугат (эпидемия). 1925-ж. Женева протоколу ж-а 1972-ж. БУУ конвенциясы м-н Б. к-ды колдонууга тыюу салынган. Б.к-ды колдонуу адамзатка каршы эң чоң кылмыш болуп эсептелет. Ал жалпы кабыл алынган эларалык укукту орой бузгандыкка жатат. Б.к-ды колдонуу коркунучу аскерлерди ж-а элди коргоо б-ча натыйжалуу чараларды даярдоону талап кылат. Аларга эпидемияга каршы санитария-гигиеналык ж-а дарылоо чаралары элди ж-а армияны инфекциядан сактануу чаралары м-н тааныштыруу (эмдөө, шашылыш алдыналуу, маска тагынуу), элди атайын жабдылган жабык жерлер м-н камсыздоо, тамак-ашты, сууну, өсүмдүк ж-а жаныбарларды коргоо кирет.