БАКЧА ӨСҮМДҮКТӨРҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКЧА ӨСҮМДҮКТӨРҮ - ашкабактар тукумундагы эгилме өсүмдүк тобу (дарбыз, коон, ашкабак ж. б.). Азия, Африка ж-а Американын тропик, субтропик өлкөлөрүнөн алынып келген. Алар төшөлүп же чырмалып өсөт. Жылуулукчул (25-30°С) өсүмдүктөр. Кырг-нда которуштуруп айдоо жолу м-н эгилет, дың жерге, кысыр аңызга айдаса көп түшүм берет. Алар бышканда желет (дарбыз, коон), куурулуп, бышырылып, маринаддалып (ашкабак, кабак, патиссон), кургатылат. Цукат, бал, пюре алынат. Тоют катары (ашкабак, тоют дарбызы, коон) жаңы кезинде же саман, жүгөрү ж. б. кошуп, силостолуп берилет. Дарбыз, коон, ашкабак данынан май алынат. Зыянкечтери: бакча бити, бакча элкайдакөчөтү, шалбаа көпөлөгү, дарбызчы чымын. Илдеттери: акчирик, карачирик, фузариоз, антракноз.