БАКЫТ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКЫТ - адамдын иш-аракети натыйжалуу болуп, олуттуу каалоолору, көздөгөн максаты
ишке ашып, өзү басып өткөн жолго, өз турмушуна алымсынуу абалын билгизген этикалык түшүнүк. Б-тын маанисин туура түшүнүү адамдын өмүрүнүн мазмуну м-н максатын тактоого байланыштуу. Байыркы грек ойчулдары (Сократ, Платон, Эпикур, стоиктер) Б-тын теориялык мазмунун аныктоого аракеттенишкен. Бирок алар жеке адамдын коомдук өнүгүшкө байланышпаган бактысы ж-дө жалпы эреже түзүүнү көздөшкөн. Ошондуктан Б-ты айрымдары дене м-н жандын жыргашы же керт башынын камын ойлоо десе (Гедонизм, Утилитаризм), кээ бирлери бул дүйнөнүн ыракатынан безип, өзүн тигил дүйнөгө багыштоо (к. Аскетизм) деп билген. 18-к-да француз материалисттери адамдын бактылуу болушун алардын материалдык мүдөөсүнүн канааттанышы м-н, ал эми Л. Фейербах болсо Б-ты махабат м-н байланыштырган.