БАЛАНЫН ТОНУ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛАНЫН ТОНУ , п л а ц е н т а - түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде эне м-н бала организминин ортосундагы байланышты ж-а зат алмашууну камсыздандыруучу орган. Ал түйүлдүктүн түктүү сырткы чели м-н жатын капталынын биригип өсүшүнөн пайда болот. Б. т. жалпак келип, бала ордунан, түйүлдүк челинен ж-а киндик боосунан турат. Б. т. аркылуу киндик боосу м-н энеден түйүлдүккө азык заттар ж-а кычкылтек келет. О. эле андан зат алмашуу продуктулары чыгарылып, витаминдер, ферменттер, гормондор ж-а медиаторлор синтезделип, эне организминин кош бойлуулукка көнүшүнө түрткү берет. Эне организминен келүүчү тескери таасирди өткөрбөй, физиол. тосмо кызматын аткарат. Калыптанышы 3-4 айында токтолуп, бала төрелөргө жакын жатындан бөлүнүп, баладан кийин түшөт.