БАЛАСАГУН: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛАСАГУН - Чүй өрөөнүнөн орун алган орто кылымга таандык шаар; Караханиддер мамлекетинин борбору. Шаар ж-дө алгач маалымат берген араб автору ал-Мукаддаси Б. шаарын башка шаарлардан чоң болгондугун, эли өтө көп экендигин баяндайт (10-к.). Махмуд Кашгаринин (11-к.) «Китаб диван лугат ат-түрк» сөздүгүндө Б. шаары, о. эле Куз-Ордо, Куз-Улуш деп да берилген. Ушул эле автордун картасында Б. Тараз ш-нын түштүгүнө жайгаштырылып, тоолор м-н курчалат. Ас-Самани (12-к.) ж-а Якут (13-к.) Б-ду Кашкарга жакын жайгаштырат. 13- к-дагы айрым авторлордун эмгектеринде шаар Чүй суусунун жээгинде жайгашкандыгы айтылат. Абу-л-Фиданын (14-к.) эмгегинде бул шаардын астр. көрсөткүчтөрү берилген. Мухаммед Хайдар (17-к.) Чүй суусунун боюндагы чоң шаардын мунара, медресе сыяктуу калдыктары сакталган жерде имам Мухаммед Факих Баласагунинин мүрзөсүнүн үстүндө эстелик бар экендигин эскерген. Мунед Джим-Баши (17-к.) Б-ду Кашкардан алые жерге жайгаштырып, анын астр. көрсөткүчтөрүн берет. 11-к-да Б. шаарында байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагуни туулуп-өскөндүгү белгилүү. Тарыхчылар В. Бартольд, А. Бернштам ж-а кыргыз окумуштуулары А. Абетеков, Ө. Караев, 3. Эралиев тарыхый жазуу маалыматтарга ж-а археол. табылгаларына таянышып, байыркы Б. азыркы Токмок ш-нын жанындагы Бурананын аймагында болгон, Акбешим шаарчасынын уранды калдыгы Б. шаарынын бир бөлүгү деп эсептешет. Шаардын ортосунда ири ак-сарай ж-а бийик мунаралуу жамы мечит, анын жанынан көрүстөн орун алган ж-а соода-сатык, мектеп, окуу жайлары, дүкөндөр, мончолор ж. б. болгон, о. эле элчиликтер жайгашкан. Шаар-

дын сырты чоподон согулган дубал м-н курчалган. 14-к-да ичара узакка созулган согуштардын натыйжасында жок болушу ыктымал.
Ад.: Материалы по истории киргизов и Киргизии. М., 1973; Горячева В. Д. Средневековые городские центры и архитектурные ансамбли Киргизии. Ф., 1982; Ө. Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Плоских В. М. Наш Кыргызстан. Б., 2004.