БАЛБАКОВ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛБАКОВ Мурат (15. 12. 1936-ж. т., Ысыккөл обл., Ысыккөл р-ну, Корумду айылы) - эконо мист, экономика илимд. доктору (1992), проф. (1989), КР УИАнын корр. мүчөсү (2000), КРдин эмг. сиң. экономисти (1991), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1997). Москва айыл чарба академиясын (1958), СССР ИАнын ЭИ аспирантурасын (1964) бүтүргөн. 1964-74-ж. Кыргыз ССР ИАда кенже, улук ил. кызматкер, сектор башчы, бөлүм башчы, 1984-92-ж. Кырг-н тоют ж-а жайыттар ИИИде директордун орунба-

сары, Агроөнөржай комплексинин жогорку башкаруу мектебинин ректору, Айылдык ишкерлерди даярдоо ин-тунун ректору, 1992-2003-ж. УАК төрагасынын орунбасары, 2003-жылдан КР УИАнын экономиканы изилдөө борборунда бөлүм башчы. Агрардык-экон. илимдин проблемалары б-ча фундаменталдуу эмгектери, а. и.
ил.-тех. прогресстин, коомдук эмгектин, негизги өндүрүш фонддорунун, жер ж-а эмгек ресурстарынын өндүрүмдүүлүгүнө, а. ч-дагы рынок мамилелерине арналган 100дөн ашуун ил. эмгеги, а. и. 19 монографиясы бар.
Эмг.: Сельскохозяйственное производство и научнотехнический прогресс. Ф., 1987; Труд и повышение производительности в условиях перехода к рыночным отношениям. Б., 1992; Основы рыночных отношений и их реализации в аграрном секторе экономики. Б., 1992.