БАЛДАР АДАБИЯТЫ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛДАР АДАБИЯТЫ - балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша бөбөктөр, тестиер балдар, өспүрүмдөр үчүн арналып жазылган адабий чыгармалардын жалпы аталышы. Балдар үчүн жазылган чыгарманын тили жөнөкөй, түшүнүктүү, элестүү ж-а бай болуусу керек. Б. а. балдарды сөз мад-ты м-н тааныштырат, ойлоо жөндөмүн кеңитет. А. С. Пушкиндин жомоктору, И. А. Крыловдун тамсилдери, Д. Дефонун «Робинзон Крузо» романы балдардын сүйүктүү китептеринен болуп саналат. X. К. Андерсендин, ага-ини Я. ж-а В. Гриммдердин жомоктору, М. Твендин повесттери ж. б. чыгармалары жаш муундардын айлана-чөйрөгө болгон көзкарашын тереңдетип, Ата Журтка, элине болгон сүйүүсүн арттырат, түркүн өнөргө шыктандырат, жоопкерчиликтүү чоң иштерди аткарууга даярдайт. Азыркы Б. а. көп улуттуу. Алардын ар биринин өзалдынча өсүш жолу, тарыхы бар. В. В. Маяковский, К. И. Чуковский, С. Я. Маршак, М. Ильин, А. П. Гайдар, В. П. Катаев, С. В. Михалков, Л. А. Кассиль өңдүү жазуучулардын балдар үчүн жазган чыгармалары дүйнөгө белгилүү. Кыргыз Б. а. совет мезгилинде жаралды, к. Кыргыз балдар адабияты.