ГУНО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГУНО́ (Gounoda) Шарль Франсуа (17. 6. 1818, Париж – 18. 10. 1893, Парижге жакын, Сен-Клу) – француз композитору, сынчы, жазуучу-мемуарист. Франция ин-тунун мүчөсү (1866). Атасы сүрөтчү, энеси музыка мугалими болгон. 1829–35-ж. Сен-Луи лицейинде окуп, чиркөө хорунда ырдаган, муз. пьесаларды жазган. Париж консерваториясында окуган (1836–39). И. С. Бахтын, Ф. Мендель-

сондун, Р. Шумандын, Ф. Шуберттин, В. А. Моцарттын чыгармаларын жандили м-н сүйгөн. «Фернан» кантатасы үчүн Рим сыйл. алган (1839). 3 жыл Италияда, кийин Венада ж-а Германияда жашаган. Парижге келери м-н (1843–48) чиркөөдө органист болуп иштеп, үйлөмө ж. б. аспаптар үчүн ар кандай чыгармаларды жазган. 1840–50-жылдарда опера жанрына кайрылган. 1852–60-ж. Париждеги «Орфеон» хор бирикмесинин директору болуп иштеген. 1870-ж. Лондондо «Гуно хор» коомун негиздеген. Г. 19-к-да Франциядагы опера жанрынын бирден-бир таланттуу өкүлү ж-а лирикалык опера жанрынын негиз салуучуларынан болгон. Өзгөчө Парижде коюлган «Фауст», «Лириктер театры» опералары Францияда классикалык лирикалык операнын чыныгы үлгүсүнө айланган. Г-нун «Мирейль» (1863), «Ромео менен Жульетта» (1865) ж. б. операларындагы ариялар, ариозолор обондуулугу м-н айырмаланат. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында Г-нун «Фауст» операсы коюлуп, башкы каарман Мефистофелдин ролунда СССР эл арт. Б. Миӊжылкыев көрүүчүлөрдүн көӊүлүнөн өчпөй турган образды жараткан.