БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ - политехникалык окуунун ж-а кесип­тик багыт берүүнүн негизги каражаттарынын бири. Ал балдардын техникага кызыгуусун арттырып, чыгармачыл ж-а ойлоп тапкыч жөн­дөмдүүлүгүн, тех. ойлонуусун өнүктүрөт, ил. дең­гээлин жогорулатат. Б. т. ч. көбүнчө модель, прибор (аспап, шайман), механизм, жөнөкөй машина өңдүү тех. объекттерди конструкция­лоодон көрүнөт. Балдардын тех. чыг-лыгы класстан тышкаркы окууларда, мектептен тышкар­кы мекемелерде (жаш техниктердин станция­сында, клубдарда, чыгармачыл үйлөрдө ж. б.), о. эле эмгекке үйрөнүү ж-а предметтик сабак­тарда ишке ашырылат. Б. т. ч-н уюштуруунун эң кеңири тараган формасы - тех. ийрим. Мык­ты эмгектер көргөзмөгө экспонат катары кою­луп, сыйлыктар м-н сыйланат. Б. т. ч. жет­кинчектерди келечекте өндүрүштө, илимде, техникада эмгектенүүгө машыктырып, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрөт. Ойлоп табуучулар, рацио­нализаторлор, өндүрүш новаторлору, конструк­торлор, илимпоздордун көбү өз учурунда Б. т. ч. аркылуу даярдоодон өтүшкөн.