БАЛДАР ООРУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛДАР ООРУЛАРЫ - көбүнчө же жалаң гана балдарда кездешүүчү оорулар тобу. Аларга ымыркай балдардын оорулары, жугуштуу, ичеги-карын, демалуу жолдорунун оорулары ж-а зат алмашуу бузулгандагы оорулар кирет. Б. о. баланын өсүү өзгөчөлүктөрүнө, жашына, ооруга каршылык көрсөтүүсүнө (иммунитетине) байланыштуу болот. Ара терөлгөн ж-а төрөттөн жабыркаган балада нерв системасынын оорулары көп кездешет. Эмчектеги баланын ооруларына мээге кан куюлуу, шал оорусу, асфиксия, кемтик оорулары, гидроцефалия, микроцефалия, жаш балдардын флегмонасы, гемолиз ж. б. кирет. Эмчектеги баланын ичеги-карынында ферменттердин жетишсиздигинен ж-а тамактануу эрежесинин бузулушунан ичөткөк (диспепсия), таза аба ж-а күн нуру жетишпегенде «Д» витамини аз пайда болуп, итий оорусуна алып келет. Наристе балдар (1-3 жаш) жугуштуу оорулар (скарлатина, кептөөр, кызамык, көкжөтөл, суучечек, дизентерия, шал оорусу, полиомиелит , сарык ж.б.) м-н көбүрөөк ооруйт. Мектепке чейинки балада (3-7 жаш) жугуштуу оорулар (полиомиелит, туберкулёз), мектеп жашындагы балдарда ревматизм көп жолугат. Өспүрүмдөрдө нерв, жүрөк-кантамыр системаларынын ж-а ички секреция бездеринин функциясынын туруксуздугунан алардын ишинин бузулушу кездешет. Ооруну алдыналуу үчүн кош бойлуу аялдын туура тамактануусу, эсалуусу ж-а түрдүү жугуштуу оорулардан сактануусу чоң мааниге ээ. Жугуштуу ооруларды болтурбоо үчүн эмдөө жүргүзүлөт.