БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ - психология илиминин баланын психикасынын өнүгүү мыйзамченемдүүлүгүн, ар кандай курактагы балдардын психол. өзгөчөлүктөрүн (фактор, механизмдерин) изилдөөчү бир тармагы. Окуу-тарбиялоонун практикалык маселелерин, пед. психология м-н философиянын теор. маселелерин иштеп чыгууда Б. п-нын мааниси чоң. Атайын изилдөөлөр 19-к-дын аягында ж-а 20-к-дын башында пайда болгон. Белгилүү психологдор (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, А. А. Менчинская, П. Я. Гальперин, Д. Б. Эльконин, А. В. Запорожец ж. б.) баланын психикасынын өнүгүүсүнө тарыхтын, мад-ттын, айлана-чөйрөнүн ж-а иш-аракеттин тийгизген таасирин анализдешкен. Б. п-нда ил. эксперименттердин коюлушу бул илимдин өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизген. Кырг-нда алгачкы ил. иштердин негизги максаты баладагы психикалык өнүгүүнү изилдөөдө жерг. шарттын өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга багытталган. Мектепке чейинки балдарды тарбиялоонун, окутуунун психол.-пед. принциптери М. Р. Рахимованын «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки тарбиялоо системасынын өнүгүшү» деген эмгегинде чагылдырылган. Ил.-эксперименттик, психол. изилдөөлөр С. И. Гершун, Ж. Жоокаев, Н. Н. Палагина, Ж. М. Жумалиева, К. Н. Кененбаева, Ч. А. Шакеева, С. В. Фатеев, А. Ысыкеев, К. Миңбаев, Т. А. Коңурбаев ж.б. психологдордун эмгектеринде кеңири берилген. Б. п-нын негизги проблемалары Н. Н. Палагина тарабынан ил.- эксперименттик деңгээлде кеңири изилденип, «Мектеп жашына чейинки курактагы балдардын оюндары» (1989), «Элес башаты» (1992) сыяктуу эмгектер жарыкка чыккан.