БАЛЕТ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛЕТ (фр. Ьаііеі, итал. Ьаііеііө) - ыргактуу кыймыл-аракет ж-а бий каражаттары аркылуу айтылуучу ойду, чыгарманын мазмунун угуучу-көрүүчүлөргө жеткире алган сахна өнөрү.

Жалпы драматургиялык пландын (сценарийдин) негизинде Б. музыканы, хореографияны (бий, пантомима), сүрөт өнөрүн (декорация, костюмдар, жарык берүү ж. б.) өзүнө камтыйт.
Азыркы европ. Б. Кайра жаралуу доорунда пайда болгон. Туңгуч Б. спектакли Италияда 15-16-к-да, Францияда 16-кдын 2-жарымында (Б. Бальтазаринин «Королеванын комедия балети», 1581) жаралган. 18-кда Англияда, Австрияда, кийинчерээк Францияда өзалдынча сахна өнөрү катары толук калыптанган ж-а таанылган. Россияда 1730-жылдан сахнада Б. оюндары үзгүлтүксүз коюла баштайт. Франция м-н Россиядагы Б. өнөрүнүн табылгалары романтикалуу Б-тин жаралышын шарттайт. Бара-бара бийдин жаңы түрлөрү, аялдардын аяк учу м-н бийлеши пайда болот. Ушул багыттагы балеттик спектаклдердин бири – Адан-

дын «Жизель» балети (1841). Б. 19-20-к-да алдыңкы өлкөлөрдө улуттук мад-ттын өнүккөн түрүнө айланат. Композитор-симфониячылардын Б. өнөрүнө кайрылуусу маанилүү көрүнүш болгон, мис., П. И. Чайковскийдин «Уйкудагы сулуу» (1890), «Щелкунчик» (1892; Л. Иванов м-н бирге), А. Глазуновдун «Раймонда» (1898) Б-теринде музыкадагы ойлор м-н сезимдер бий аркылуу туюнтулган. Б. Асафьевдин («Париж жалыны», «Бахчисарай фонтаны»), Р. М. Глиэрдин («Кызыл гүл»), А. И. Хачатуряндын («Гаянэ», «Спартак»), С. С. Прокофьевдин («Ромео жана Жульетта»), А. Крейндин («Лауренсия»), К. Караевдин («Жети сулуу») чыгармалары Б. өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Кыргнда Б. өнөрү классикалык бийди өздөштүрүүнүн, эл турмушун ж-а үрп-адатын үйрөнүүнүн негизинде келип чыккан. Кыргыздын туңгуч бийлери 1937-ж. «Алтын кыз» муз. драмасында ж-а «Айчүрөк» операсында (1939; балетмейстер Н. С. Холфин) колдонулган. «Анар» балети (1940) - кыргыздын улуттук Б. өнөрүнүн саамалыгы. Кыргыз Б-нин өсүшүнө бийчилер Б. Бейшеналиева, Р. Чокоева, Ч. Базарбаев, А. Токомбаева ж. б. зор салым кошкон. Бий мугалимдерин ж-а балетмейстерлерди Москвадагы А. Луначарский атн. мамл. театр ин-ту, Ленинграддагы Н. Римский-Корсаков атн. консерватория, Кырг-нда Ч. Базарбаев атн. Бишкек хореогр. окуу жайы даярдайт.
Ад.: Слонимский Ю. И. Советский балет. М.; Л., 1950; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953; Брудншй Дм. Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Бибисара Бейшеналиева. Ф., 1974; Р. Уразгильдеев. Киргизский балет. Ф., 1983.
Р. Уразгильдеев.