БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ '''Европанын түш&shy;түгүндө. Болгария, Албания, Грекиянын көп бөлүгү, Түркиянын европ. бөлүгү ж-а Румыния&shy;нын түш. р-ндору, Македония, Босния ж-а Герцеговина, Словения, Сербия ж-а Черногория, Хорватия жайгашкан. Аянты 505 миң ''км'' <sup>2</sup>дей. Жерортолук деңизге 950 ''км'' кирип турат. Адрия, Иония, Эгей, Мрамор, Кара деңиздери м-н чулганат. Батыш жээктери булуң-буйткалуу, тик ж-а аскалуу, чыгышы жапыз, түз. Грекия&shy;да Пелопоннес ж-а Халкидики ири ж. а. бар.
'''БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ '''Европанын түш&shy;түгүндө. Болгария, Албания, Грекиянын көп бөлүгү, Түркиянын европалык бөлүгү ж-а Румыния&shy;нын түштүк райондору, Македония, Босния ж-а Герцеговина, Словения, Сербия ж-а Черногория, Хорватия жайгашкан. Аянты 505 миң ''км'' <sup>2</sup>дей. Жер ортолук деңизге 950 ''км'' кирип турат. Адрия, Иония, Эгей, Мрамор, Кара деңиздери м-н чулганат. Батыш жээктери булуң-буйткалуу, тик ж-а аскалуу, чыгышы жапыз, түз. Грекия&shy;да Пелопоннес ж-а Халкидики ири жарым аралдары бар.


[[File:БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ52.png | thumb | none]]
[[File:БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ52.png | thumb | none]]
Адрия ж-а Эгей деңиздеринин жээктеринде арал&shy;дар көп. Аймагынын көбүн анча бийик эмес Динара, Пинд, Серб тайпактоолору, Стара-Планина, Родопи ж. б. тоолор ээлейт. Эң бийик жери 2925 ''м'', (Мусала чокусу). Түздүктөр неги&shy;зинен жарым аралдын чет-жакаларында (Ор&shy;тоңку Дунай ж-а Төмөнкү Дунай түздүктөрү), тоо аралык ойдуңдарда (Жогорку Фракия, Фессалия ойдуңдары ж. б.), жээк бойлой жайгашкан. Климаты түндүгүндө ж-а чыгышында ме&shy;лүүн континенттик, батышы м-н түшгүгүндө суб&shy;тропиктик жерортолук деңиздик. Динара тай&shy;пактоосунун батыш капталына жаан-чачын көп (айрым жылдары Котор бухтасында 5000 ''мм'' ге чейин) жаайт. Башкы дарыялары: Дунай, Сага (Б. ж. а-нын түн. чеги), о. эле Марица, Морава. Ири көлдөрү: Скадар, Охрид, Преспа. Батыш ж-а түштүгүндө жерортолук деңиздик бадалдар ж-а токой, түн. ж-а чыгыш тоолорунда жазы ж-а ийне жалбырактуу, жалбырагы күбүлмө бадал токойлору өсөт. Карст процесси өнүккөн. Динара тайпактоосунун айрым жерлеринде өсүмдүктөр өспөйт. Түздүктөрү айдалган. Ири шаарлары: София, Белград, Стамбул, Афины.
Адрия ж-а Эгей деңиздеринин жээктеринде арал&shy;дар көп. Аймагынын көбүн анча бийик эмес Динара, Пинд, Серб тайпак тоолору, Стара-Планина, Родопи ж. б. тоолор ээлейт. Эң бийик жери 2925 ''м'', (Мусала чокусу). Түздүктөр неги&shy;зинен жарым аралдын чет-жакаларында (Ор&shy;тоңку Дунай ж-а Төмөнкү Дунай түздүктөрү), тоо аралык ойдуңдарда (Жогорку Фракия, Фессалия ойдуңдары ж. б.), жээк бойлой жайгашкан. Климаты түндүгүндө ж-а чыгышында ме&shy;лүүн континенттик, батышы м-н түшгүгүндө суб&shy;тропиктик жер ортолук деңиздик. Динара тай&shy;пак тоосунун батыш капталына жаан-чачын көп (айрым жылдары Котор бухтасында 5000 ''мм'' ге чейин) жаайт. Башкы дарыялары: Дунай, Сага (Балкан жарым аралынын түндүк чеги), ошондой эле Марица, Морава. Ири көлдөрү: Скадар, Охрид, Преспа. Батыш ж-а түштүгүндө жер ортолук деңиздик бадалдар ж-а токой, түндүк ж-а чыгыш тоолорунда жазы ж-а ийне жалбырактуу, жалбырагы күбүлмө бадал токойлору өсөт. Карст процесси өнүккөн. Динара тайпак тоосунун айрым жерлеринде өсүмдүктөр өспөйт. Түздүктөрү айдалган. Ири шаарлары: София, Белград, Стамбул, Афины.
''Б. Мудаева.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]


''Б. Мудаева.''
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

03:39, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ Европанын түш­түгүндө. Болгария, Албания, Грекиянын көп бөлүгү, Түркиянын европалык бөлүгү ж-а Румыния­нын түштүк райондору, Македония, Босния ж-а Герцеговина, Словения, Сербия ж-а Черногория, Хорватия жайгашкан. Аянты 505 миң км 2дей. Жер ортолук деңизге 950 км кирип турат. Адрия, Иония, Эгей, Мрамор, Кара деңиздери м-н чулганат. Батыш жээктери булуң-буйткалуу, тик ж-а аскалуу, чыгышы жапыз, түз. Грекия­да Пелопоннес ж-а Халкидики ири жарым аралдары бар.

Адрия ж-а Эгей деңиздеринин жээктеринде арал­дар көп. Аймагынын көбүн анча бийик эмес Динара, Пинд, Серб тайпак тоолору, Стара-Планина, Родопи ж. б. тоолор ээлейт. Эң бийик жери 2925 м, (Мусала чокусу). Түздүктөр неги­зинен жарым аралдын чет-жакаларында (Ор­тоңку Дунай ж-а Төмөнкү Дунай түздүктөрү), тоо аралык ойдуңдарда (Жогорку Фракия, Фессалия ойдуңдары ж. б.), жээк бойлой жайгашкан. Климаты түндүгүндө ж-а чыгышында ме­лүүн континенттик, батышы м-н түшгүгүндө суб­тропиктик жер ортолук деңиздик. Динара тай­пак тоосунун батыш капталына жаан-чачын көп (айрым жылдары Котор бухтасында 5000 мм ге чейин) жаайт. Башкы дарыялары: Дунай, Сага (Балкан жарым аралынын түндүк чеги), ошондой эле Марица, Морава. Ири көлдөрү: Скадар, Охрид, Преспа. Батыш ж-а түштүгүндө жер ортолук деңиздик бадалдар ж-а токой, түндүк ж-а чыгыш тоолорунда жазы ж-а ийне жалбырактуу, жалбырагы күбүлмө бадал токойлору өсөт. Карст процесси өнүккөн. Динара тайпак тоосунун айрым жерлеринде өсүмдүктөр өспөйт. Түздүктөрү айдалган. Ири шаарлары: София, Белград, Стамбул, Афины.

Б. Мудаева.