БАЛКАН СОГУШТАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛКАН СОГУШТАРЫ (1912-13). Б и р и н ч и Б а л к а н с о г у ш у [Б. Б. с.; (Б. 1912-ж. 9-октябрь -1913-ж. 30-май] - Балкан союзуна (1912) кирген мамлекеттерди басып алган Осмон импе­риясына каршы согуштар. Аны башгоого Түркия­нын Македония м-н Фракияга автономия бе­рүүдөн баш тартуусу шылтоо болгон. 1912-ж. 8- октябрда Черногория Түркияга согуш жарыя­лаган. Болгария, Сербия, Грекия согушка 18- октябрда кирип, Түркияны Лондон тынчтык келишимин (1913) түзүүгө мажбур кылышкан. Ал келишим б-ча Түркия Стамбул ж-а Чыгыш Фракиядагы жерлеринин бир аз бөлүгүнөн тыш­кары, Европадагы бардык ээликтеринен ажы­раган. Б. Б. с. Албаниянын көзкаранды эмес­тикке жетишүүсүн тездеткен. Э к и н ч и Б а лк а н с о г у ш у (Э. Б. с. 1913-ж. 29-июнь - 10- август) - 1-тараптан Болгариянын, 2-тараптан Сербия, Черногория, Грекия, Румыния ж-а Түр­киянын ортосундагы согуш. Союздаштардын ор­тосундагы карама-каршылыктын ырбашынан улам чыккан [к. Балкан союзу (1912)]. Болгар аскерлери Македониядагы сербиялык, грекия­лык аскерлерге 30-июнда капилеттен кол салган. Согушту баштагандар 29-июлда багынууга мажбур болгон. Мунун натыйжасында Бухарест тынчтык келишими (1913) түзүлүп, ага ылайык Болгария Македониядагы, Фракиядагы жерле­ринен гана эмес, Түш. Добружадан да ажырап калган. Константинополь келишими б-ча Ад­рианополду Түркияга калтырууга мажбур болгон. Э. Б. с. Румыниянын Үчтүк союздан (1882) чыгып кетишине ж-а Антантага жакында­шуусуна жардам берген. Болгария Австрия - Германия блогу тарапка өткөн. Б. с. эларалык мамилелерди андан ары курчутуп, 1-дүйнөлүк согуштун башталышын тездеткен.