БАЛКАН СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛКАН СОЮЗУ (1912) - Болгария, Сербия, Грекия ж-а Черногориянын Түркияга, иш жүзүндө Австрия-Венгрияга каршы багытталган согуштук-саясий биримдиги. 1912-ж. бир катар согуштук конвенциялар ж-а келишимдер м-н толукталган. Б. с. Россиянын активдүү колдоосу м-н түзүлүп, Россия бул союздун жардамы м-н Австрия-Венгриянын ж-а Германиянын Балканга келишине тоскоол кылууга умтулган. Б. с-н түзүү идеясын Англия м-н Франциянын өкмөттөрү да жактырышкан. 1912-ж. октябрда Б. с-нун мамлекеттери Түркияга каршы согуш башташып, тез эле жеңишке жетишкен. Бул жеңиштен кийин Сербиянын, Грекиянын ж-а Болгариянын ортосунда Македонияны бөлүштүрүүдөн келип чыккан чыр-чатактар мурдагы союздаштардын араздашуусуна ж-а Б. с-нун ыдырап бузулушуна (1913), алардын өзара согушуна алып келген, к. Балкан согуштары (1912-13).