БАЛТА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛТА — жыгачты кесүү, жаруу ж. б. үчүн кол­донулуучу эмгек куралы. Ал курч темирден жазы жагы миздүү, экинчи жагы уңгу саптаганга ылайык көзөнөгү м-н жасалып, жыгачка сап­талат. Б-нын акбалта, карабалта, айбалта деген түрлөрү бар. Б. отун кесүүгө, жарууга ж-а устачылык кылууга колдонулат. Кара Б. чоң отундарды жаруу үчүн пайдаланылат. Б. палеолит доорунда эле пайда болуп, адегенде таштан, колодон, кийин темирден жасалган. Б-нын сабы кармоого оңтойлуу, чабууга эптүү, уз. 4060 см. Ак Б. куралы кыргыздарга орустардан келген. Ошондуктан аны адегенде орус Б. деп да аташкан.