БАЛТЫРКАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛТЫРКАН (Негасіеит) — өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумундагы уруусу; эки же көп жылдык чөп. Сабагы түктүү, катуу, көңдөй, бийикт. 1—1,5 м. Жалбырагы татаал же үч ача кесилген. Моноже поликарптык өсүмдүк. Гүлү майда, ак, сары, жашыл, мала кызыл. Топгүлү - татаал чатырча. Мөмөсү - кутуча. Жер жүзүндө 70, Кырг-нда 4 түрү жайлоодо, бөксө тоодо суу жээктеп өсөт. Уругу м-н көбөйөт, көпөлөктөр чаңдаштырат. Тоют катары пайдалынылат, жаш өркүндөрү желет. Алай тоолорунда ж-а Чоң Кемин өрөөнүндө эки эндемик түрү өсөт. Уругунда эфир майы, кумарин болгондуктан, медицинада колдонулат. Б-дын көп түрүнүн ширеси дерматит (күйүк) пайда кылат. Кээ бир түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.