БАЛЫК КӨЛМӨСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛЫК КӨЛМӨСҮ - балык өстүрүүчү табигый же жасалма көлме. Ал чарбанын суу тосууга ылайыктуу жеринде болот. Жылуу сууда жа­шоочу балыктар үчүн көлмө шалбаа же саздуу жерге курулуп, жылуу көл суусу ж-а өзөн суусу пайдаланылат. Ал эми муздак сууда жашоочу балыктар өстүрүлүүчү көлмө кыртыштуу, орг. заттары аз жерге жайгаштырылып, булак же арык суусу м-н толтурулат. Көлмө суу м-н тол­турулуп же суусу алмаштырылып турууга ыла­йыкталып, ага суу агызгыч орнотулат. Ага балыкты чыгарбоо, башка балыкты киргизбөө үчүн калканч тор тосулат. Балык уругун таштоочу, чабак өстүрүүчү ж-а кыштоочу көлмөлөр да болот. Көлмөнүн жээгине көлөкө болбосун
үчүн өсүмдүк өстүрүлбөйт ж-а ылай суу м-н агын­дыдан тазаланып турулат.