БАЛЫК-СУУ БОР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛЫКСУУ БОР КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Шабдан кыш-нан 4 км түндүктө, деңиз деңг. 1700-2000 м бийиктикте. 1960-ж. геол. съёмка иштерин жүргүзгөндө табылган. Пайдалуу тек болуп 3,54% бордун үч кычкылын кармаган турмалинит эсептелинет. Анын таралышынын аянты 0,4 км2. Технол. изилдөөдөн бордун үч кычкылы жакшы бөлүнүп алынары аныкталган. Кенди жерсемирткич катары изилдөө ж-а геол. чалгындоо иштерин жүргүзүү сунуш кылынган. Бордун үч кычкылынын кен б-ча болжолдуу ресурсу 1 млн т.