БАЛЬЦЕРОВИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛЬЦЕРОВИЧ Лешек (1947-ж.т.) - польша­лык экономист ж-а мамл. ишмер. 1989-92-ж. Польшанын финансы министри. Анын демил­геси м-н Польшада рынок экономикасын түзүү б-ча реформалар жүргүзүлгөн. Реформалар эркин соода жүргүзүү, валюта алмаштыруу ж-а бааларды либералдаштыруу чараларын камты­ган. Анын жүрүшүндө келип чыккан баалардын кескин жогорулашы ж-а инфляция поляк элинин абалын оорлоткон. 1992-ж. Польшанын президенти Лех Валенса өз өкмөтүнүн популяр­дуулугун сактап калуу үчүн аны отставкага ке­тирүүгө аргасыз болгон. Ага карабастан Б. баш­таган реформалар оң натыйжаларды берип, өлкөнүн экономикасы өнүгө баштаган. Рынок экономикасына өтүүнүн польшалык үлгүсү дүй­нөлүк коомчулук тарабынан таанылган. Экономиканы реформалоонун мындай жолу кийин «шок терапиясы» деген атка ээ болгон.