БАМАКО: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАМАКО - Мали Респ-нын борбор шаары. Өзүнчө адм. бирдикти (дистрикт) түзөт. Калкы 1,3 млн (2005). Нигер д-нын боюнда жайгашкан. Жолдор тоому. Атлантика океанындагы Дакар порту, Нигер д-ндагы Куликоро дарыя порту м-н темиржол аркылуу байланышат. Бамако-Сену эларалык аэропорту бар. Б-нын азыркы аймагында 1-тургун жайлар 15-к-да эле пайда болгон. 19-к-дын 2-жарымына чейин малинке ж-а бамбара урууларынын өкүлдөрү отурукташкан анча чоң эмес кыштак, 1882-ж. француздар басып алгандан кийин Франциянын соода факториясы ж-а таяныч пункту болгон. 1908-жылдан фр. колониялык адм-нын резиденциясы. 1920-58-ж. Франция Суданынын, 1958- 60-ж. Мали Федерациясынын, 1960-жылдан Мали Респ-нын борбору.
Чоң мечит, псевдороман стилиндеги Жанна д’Арк собору (1925-36), колөнөрчүлүк үйү (1932), борб. базар, улуттук ил. ж-а тех. изилдөө борбору (1986), тропика өсүмдүктөрүн ж-а азыктүлүктү изилдөөчү агрономия (1962), Сахел (1977), офтальмология (1953) ин-ттары, улуттук китепкана (1913), улуттук (1953), крайтаануу музейлери бар. Ботан. ж-а зоология бактары уюшулган.
Б. - өлкөнүн ири өнөржай ж-а соода борбору. Өнөржайлуу зонасы шаардын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Текстиль комбинаты, а. ч. шаймандар з-ду, ширеңке ж-а сигарета ф-касы, тамак-аш (тоңдурма кушкана, минералдык ж-а жемиш сууларын куюучу з-д), булгаары-буткийим, фармацевтика, металл иштетүү өнөржайлары, ремонттоочу жайлар бар. Кол өнөрчүлүк (жыгачка ж-а пил сөөгүнө оймо-чийме түшүрүлөт, токуучулук, алтын, күмүш, булгаары иштетүү) өнүккөн. ГЭС бар. Б-го жакын жердеги үңкүрдө неолит дооруна таандык аска бетиндеги сүрөттөр сакталган.