БАЛДАР ООРУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛДАР ООРУЛАРЫ '''- көбүнчө же жалаң гана балдарда кездешүүчү оорулар тобу. Аларга ымыр­кай балдардын оорулары, жугуштуу, ичеги-ка­рын, дем алуу жолдорунун оорулары ж-а зат алмашуу бузулгандагы оорулар кирет. Балдар оорулары баланын өсүү өзгөчөлүктөрүнө, жашына, ооруга каршылык көрсөтүүсүнө (иммунитетине) байла­ныштуу болот. Ара терөлгөн ж-а төрөттөн жа­быркаган балада нерв системасынын оорулары көп кездешет. Эмчектеги баланын ооруларына мээге кан куюлуу, ''шал'' оорусу, ''асфиксия'', кем­тик оорулары, гидроцефалия, микроцефалия, жаш балдардын флегмонасы, гемолиз ж. б. кирет. Эмчектеги баланын ичеги-карынында фер­менттердин жетишсиздигинен ж-а тамактануу эрежесинин бузулушунан ич өткөк (диспепсия), таза аба ж-а күн нуру | '''БАЛДАР ООРУЛАРЫ '''- көбүнчө же жалаң гана балдарда кездешүүчү оорулар тобу. Аларга ымыр­кай балдардын оорулары, жугуштуу, ичеги-ка­рын, дем алуу жолдорунун оорулары ж-а зат алмашуу бузулгандагы оорулар кирет. Балдар оорулары баланын өсүү өзгөчөлүктөрүнө, жашына, ооруга каршылык көрсөтүүсүнө (иммунитетине) байла­ныштуу болот. Ара терөлгөн ж-а төрөттөн жа­быркаган балада нерв системасынын оорулары көп кездешет. Эмчектеги баланын ооруларына мээге кан куюлуу, ''шал'' оорусу, ''асфиксия'', кем­тик оорулары, гидроцефалия, микроцефалия, жаш балдардын флегмонасы, гемолиз ж. б. кирет. Эмчектеги баланын ичеги-карынында фер­менттердин жетишсиздигинен ж-а тамактануу эрежесинин бузулушунан ич өткөк (диспепсия), таза аба ж-а күн нуру аз болгондо «Д» вита­мининин жетишсиздиги пайда болуп, ''итий'' оорусуна алып ке­лет. Наристе балдар (1-3 жаш) жугуштуу оорулар (скарлатина, ''кептөөр'', кызамык, ''көк жөтөл, суу чечек, дизентерия'', шал оорусу, ''полиомиелит'' , сарык ж. б.) м-н көбүрөөк ооруйт. Мектеп­ке чейинки балада (3-7 жаш) жугуштуу оорулар (полиомиелит, ''туберкулёз''), мектеп жашын­дагы балдарда ревматизм көп жолугат. Өспүрүм­дөрдө нерв, жүрөк-кан тамыр системаларынын ж-а ички секреция бездеринин функциясынын туруксуздугунан алардын ишинин бузулушу кездешет. Ооруну алдын алуу үчүн кош бойлуу аял­дын туура тамактануусу, эс алуусу ж-а түрдүү жугуштуу оорулардан сактануусу чоң мааниге ээ. Балдарда жугуштуу ооруларды болтурбоо үчүн эмдөө жүргүзүлөт. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
04:11, 13 Март (Жалган куран) 2025 -га соңку нускасы
БАЛДАР ООРУЛАРЫ - көбүнчө же жалаң гана балдарда кездешүүчү оорулар тобу. Аларга ымыркай балдардын оорулары, жугуштуу, ичеги-карын, дем алуу жолдорунун оорулары ж-а зат алмашуу бузулгандагы оорулар кирет. Балдар оорулары баланын өсүү өзгөчөлүктөрүнө, жашына, ооруга каршылык көрсөтүүсүнө (иммунитетине) байланыштуу болот. Ара терөлгөн ж-а төрөттөн жабыркаган балада нерв системасынын оорулары көп кездешет. Эмчектеги баланын ооруларына мээге кан куюлуу, шал оорусу, асфиксия, кемтик оорулары, гидроцефалия, микроцефалия, жаш балдардын флегмонасы, гемолиз ж. б. кирет. Эмчектеги баланын ичеги-карынында ферменттердин жетишсиздигинен ж-а тамактануу эрежесинин бузулушунан ич өткөк (диспепсия), таза аба ж-а күн нуру аз болгондо «Д» витамининин жетишсиздиги пайда болуп, итий оорусуна алып келет. Наристе балдар (1-3 жаш) жугуштуу оорулар (скарлатина, кептөөр, кызамык, көк жөтөл, суу чечек, дизентерия, шал оорусу, полиомиелит , сарык ж. б.) м-н көбүрөөк ооруйт. Мектепке чейинки балада (3-7 жаш) жугуштуу оорулар (полиомиелит, туберкулёз), мектеп жашындагы балдарда ревматизм көп жолугат. Өспүрүмдөрдө нерв, жүрөк-кан тамыр системаларынын ж-а ички секреция бездеринин функциясынын туруксуздугунан алардын ишинин бузулушу кездешет. Ооруну алдын алуу үчүн кош бойлуу аялдын туура тамактануусу, эс алуусу ж-а түрдүү жугуштуу оорулардан сактануусу чоң мааниге ээ. Балдарда жугуштуу ооруларды болтурбоо үчүн эмдөө жүргүзүлөт.