БАКТЕРИЯЛАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАКТЕРИЯЛАР '''(гр. Ьаеіёгon-таякча) - клет­касы прокариот тибиндеги (ядросу жок) бир клеткалуу организмдер. Голллландиялык окумуштуу А. Левенгук өзү ойлоп тапкан микроскоп м-н алгач бактерияларды жамгыр суусунда, тиш киринде, топурак­та ж. б. болорун көрүп, сүрөттөп жазган. Франция окумуштуусу Л. Пастер бактериялардын зат алмашуусун изилдеп, алардын табияттагы чирүү, ажы­роодогу маанисин, оору козгоочу касиеттерин ачкан. | '''БАКТЕРИЯЛАР '''(гр. Ьаеіёгon-таякча) - клет­касы прокариот тибиндеги (ядросу жок) бир клеткалуу организмдер. Голллландиялык окумуштуу А. Левенгук өзү ойлоп тапкан микроскоп м-н алгач бактерияларды жамгыр суусунда, тиш киринде, топурак­та ж. б. болорун көрүп, сүрөттөп жазган. Франция окумуштуусу Л. Пастер бактериялардын зат алмашуусун изилдеп, алардын табияттагы чирүү, ажы­роодогу маанисин, оору козгоочу касиеттерин ачкан. Бактериялар жөнөкөй түзүлүштө болуп, сыртынан клетка кабыкчасы м-н капталат ж-а клетка ортосунан экиге бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Ал тоголок (кокктор), таякча сымал (бациллалар, клостридиялар), ийри-буйру (вибриондор, спи­риллдер, спирохеталар) формада болот; диамет­ри 0, 1-10 ''мкм,'' узундугу 1-20 ''мкм'', ал эми күкүрт бактериялардын узундугу 5-100 ''мкм'' го жетет. Көбү шапалакча­ларынын жардамы м-н кыймылдайт. Алар ар түрдүү физиологиялык, биохимиялык касиеттерге ээ. Кээ бир түрлөрү ыңгайсыз шартта туруктуу спора пайда кылат. Кычкылтеги бар (аэробдор), ошондой эле ал жок жерде (анаэробдор) жашоого жөндөмдүү. Органикалык заттар (гетеротрофтор) же органикалык эмес заттар­дан органикалык заттарды түзүп (автотрофтор) азыкта­нышат. Космополиттер, бардык материкте жа­шайт; топуракта, сууда, абада кеңири тараган. Алардын саны ж-а түрдүк курамы экологиялык шартка жараша болот. Заттардын табиятта айла­нышында бактериялардын мааниси зор. Өсүмдүк ж-а жа­ныбарлардын калдыктарын толук минералдаш­тырып, тирүү клетканын курамына кирүүчү бардык химиялык элементтердин айланышына катышат. Көпчүлүгү - киши, мал ж-а өсүмдүктөрдүн оору, ылаң ж-а илдет козгогучтары. Бактериялар тамак-аш, микробиологиялык, химия ж. б. өнөр жай тармак­тарында колдонулат. | ||
[[File:БАКТЕРИЯЛАР41.png | thumb | Бактериялар: 1 - Эль-Тор вибриону; 2 - дизентерия таякчасы; 3 - стафилококк; 4 - менингококк; 5 - пневмококк; 6 - стрептококк; 7 - кептөөр таякчасы; 8 - ботулизм таякчасы; 9 - туберкулёз таякчасы.]] | [[File:БАКТЕРИЯЛАР41.png | thumb | Бактериялар: 1 - Эль-Тор вибриону; 2 - дизентерия таякчасы; 3 - стафилококк; 4 - менингококк; 5 - пневмококк; 6 - стрептококк; 7 - кептөөр таякчасы; 8 - ботулизм таякчасы; 9 - туберкулёз таякчасы.]] | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
05:46, 5 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАКТЕРИЯЛАР (гр. Ьаеіёгon-таякча) - клеткасы прокариот тибиндеги (ядросу жок) бир клеткалуу организмдер. Голллландиялык окумуштуу А. Левенгук өзү ойлоп тапкан микроскоп м-н алгач бактерияларды жамгыр суусунда, тиш киринде, топуракта ж. б. болорун көрүп, сүрөттөп жазган. Франция окумуштуусу Л. Пастер бактериялардын зат алмашуусун изилдеп, алардын табияттагы чирүү, ажыроодогу маанисин, оору козгоочу касиеттерин ачкан. Бактериялар жөнөкөй түзүлүштө болуп, сыртынан клетка кабыкчасы м-н капталат ж-а клетка ортосунан экиге бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Ал тоголок (кокктор), таякча сымал (бациллалар, клостридиялар), ийри-буйру (вибриондор, спириллдер, спирохеталар) формада болот; диаметри 0, 1-10 мкм, узундугу 1-20 мкм, ал эми күкүрт бактериялардын узундугу 5-100 мкм го жетет. Көбү шапалакчаларынын жардамы м-н кыймылдайт. Алар ар түрдүү физиологиялык, биохимиялык касиеттерге ээ. Кээ бир түрлөрү ыңгайсыз шартта туруктуу спора пайда кылат. Кычкылтеги бар (аэробдор), ошондой эле ал жок жерде (анаэробдор) жашоого жөндөмдүү. Органикалык заттар (гетеротрофтор) же органикалык эмес заттардан органикалык заттарды түзүп (автотрофтор) азыктанышат. Космополиттер, бардык материкте жашайт; топуракта, сууда, абада кеңири тараган. Алардын саны ж-а түрдүк курамы экологиялык шартка жараша болот. Заттардын табиятта айланышында бактериялардын мааниси зор. Өсүмдүк ж-а жаныбарлардын калдыктарын толук минералдаштырып, тирүү клетканын курамына кирүүчү бардык химиялык элементтердин айланышына катышат. Көпчүлүгү - киши, мал ж-а өсүмдүктөрдүн оору, ылаң ж-а илдет козгогучтары. Бактериялар тамак-аш, микробиологиялык, химия ж. б. өнөр жай тармактарында колдонулат.
