БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
2 сап: 2 сап:


[[File:БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ26.png | thumb | Рун жазмалары менен баяндалган Тонйукукка арналган эстелик (VIII кылым, азыркы Моңголия аймагы).]]
[[File:БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ26.png | thumb | Рун жазмалары менен баяндалган Тонйукукка арналган эстелик (VIII кылым, азыркы Моңголия аймагы).]]
Ошондой эле тик жазыл­ган учурлары да кездешет. Алар гот же скандинавия рун жазуулары менен салышгырылып изил­денген. Рун жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү. Рун жазууларынын келип чыгышы жөнүндө окумуштуулардын арасында тө­мөндөгүдөй пикирлер бар: 1) ''кельт-гот'' уруула­рына таандык; 2) енисей кыргыздарынын жа­зуусу; 3) грек-гот алфавити менен түздөн-түз байланыштуу; 4) унутулган орус жазуусунун үл­гүсү; 5) аска бетине жазылган финн-угор там­галарынын үлгүсү; 6) гректин түндүк финикий, түштүк семит алфавиттери менен жакындыгы бар; 7) иран­дын тамгаларына окшоштугу бар; 8) грек алфа­витинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган; 9) биздин заманга чейинки VIII–V кылымдардагы Казакстан­дагы Ысык көрүстөнүндөгү ''«алтын адамдын»'' жанынан табылган күмүш табактын түбүндөгү жазуу байыркы түрк рун жазуусунун башаты; 10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде рун жазуу­су согду жазуусунун негизинде жаралган. Рун жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын жана ага мүнөздүү үндүү тамгаларды бел­гилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсе­бине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Ж. Клосондун изилдөөсү боюнча согду жазуусу­нан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуусу пайда­ланылган. Байыркы рун алфавитин VII–IX кылымдарда Орто Азиянын көптөгөн мамлекеттери пайдалан­ган. X кылымда рун жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, Орто Азиянын түндүк чыгышында X–XI кылымдарга чейин пайдаланган. С. Г. Кляшторный байыркы рун жазмасын колдонулганына, мезгилине, аймагына жана жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: VIII–XI кылымдардагы Кыргыз каганды­гынын жазуулары (Енисей бою); VII–VIII кылымдардагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай);VIII–X кылымдардагы Курыкан уруу бирикмеси­нин жазуулары (Лена, Прибайкалье); VIII–IX кылымдардагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); VIII кылымдагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жетисуу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгач таякчадагы жазуу); IX–X кылымдардагы Кимак мамлекетинин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиографикалык текст­тер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчун­дуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы жана Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы бел­гилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). VIII–XI кылымдарда Енисей боюнда жаралган рун жазуулары Талас­тагы жазуулар менен жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазуулардын мүнөзүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калк­тын бир бөлүгү да аны жаза билишкен. Жазуу­ларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүлгөн.
Ошондой эле тик жазыл­ган учурлары да кездешет. Алар гот же скандинавия рун жазуулары менен салышгырылып изил­денген. Рун жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү. Рун жазууларынын келип чыгышы жөнүндө окумуштуулардын арасында тө­мөндөгүдөй пикирлер бар: 1) ''кельт-гот'' уруула­рына таандык; 2) енисей кыргыздарынын жа­зуусу; 3) грек-гот алфавити менен түздөн-түз байланыштуу; 4) унутулган орус жазуусунун үл­гүсү; 5) аска бетине жазылган финн-угор там­галарынын үлгүсү; 6) гректин түндүк финикий, түштүк семит алфавиттери менен жакындыгы бар; 7) иран­дын тамгаларына окшоштугу бар; 8) грек алфа­витинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган; 9) биздин заманга чейинки VIII–V кылымдардагы Казакстан­дагы Ысык көрүстөнүндөгү ''«алтын адамдын»'' жанынан табылган күмүш табактын түбүндөгү жазуу байыркы түрк рун жазуусунун башаты; 10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде рун жазуу­су согду жазуусунун негизинде жаралган. Рун жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын жана ага мүнөздүү үндүү тамгаларды бел­гилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсе­бине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Ж. Клосондун изилдөөсү боюнча согду жазуусу­нан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуусу пайда­ланылган. Байыркы рун алфавитин VII–IX кылымдарда Орто Азиянын көптөгөн мамлекеттери пайдалан­ган. X кылымда рун жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, Орто Азиянын түндүк чыгышында X–XI кылымдарга чейин пайдаланган. С. Г. Кляшторный байыркы рун жазмасын колдонулганына, мезгилине, аймагына жана жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: VIII–XI кылымдардагы Кыргыз каганды­гынын жазуулары (Енисей бою); VII–VIII кылымдардагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай);VIII–X кылымдардагы Курыкан уруу бирикмеси­нин жазуулары (Лена, Прибайкалье); VIII–IX кылымдардагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); VIII кылымдагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жети-Суу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгач таякчадагы жазуу); IX–X кылымдардагы Кимак мамлекетинин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиографикалык текст­тер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчун­дуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы жана Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы бел­гилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). VIII–XI кылымдарда Енисей боюнда жаралган рун жазуулары Талас­тагы жазуулар менен жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазуулардын мүнөзүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калк­тын бир бөлүгү да аны жаза билишкен. Жазуу­ларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүлгөн.


Ад.: ''Кляшторный С. Г.'' Древнетюркские рунические памятники как источник по истории средней Азии. М., 1964; ''Жумагулов Ч.'' Эпиграфические памятники Киргизии. Ф., 1988. ''К. Табалдиев.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]
Ад.: ''Кляшторный С. Г.'' Древнетюркские рунические памятники как источник по истории средней Азии. М., 1964; ''Жумагулов Ч.'' Эпиграфические памятники Киргизии. Ф., 1988.
 
''К. Табалдиев.''  
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

10:22, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы

БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ - VI– XII кылымдардагы түрк уруулары менен элдерине тиешелүү жазма эстеликтер. Ташка, кагазга рун, уйгур, брахма, согду, манихей, сирия (эстрангело) жа­зуусунда араб тамгасы менен түрк тилинде жа­зылган баяндамалардан турат. Байыркы түрк жазма эстеликтерин не­гизинен рун жазмалары түзөт. Ал эрте орто кы­лымдарда Орхон, Енисей жээктеринде, Чыгыш Түркстан аймагындагы көчмөндөрдүн арасында жаралган. VI–VII кылымдарда Борбордук Азиянын түрк тилинде сүйлөгөн калктары, түрк кагандарына баш ий­ген элдер төмөнкү Волгадагы, Дон, Түндүк Кавказдагы түрк уруулары өз жазуулары катары колдонушкан. Алгач рун жазуулары бири бири менен байланышпаган 37 же 38 белгиден турган. Алар согду жазуусуна караганда жыгачка жана ташка түшүргөнгө жакшы ылайыкташкан. Рун жазмасы түрк ти­линин фонетикалык өз­гөчөлүктөрүн так берген. Үнсүз бел­гилер үндүү тамга­нын алды же арт жагына келишине жараша эки түрдө, оңдон солду карай горизон­талдык абалда жазылган.

Рун жазмалары менен баяндалган Тонйукукка арналган эстелик (VIII кылым, азыркы Моңголия аймагы).

Ошондой эле тик жазыл­ган учурлары да кездешет. Алар гот же скандинавия рун жазуулары менен салышгырылып изил­денген. Рун жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү. Рун жазууларынын келип чыгышы жөнүндө окумуштуулардын арасында тө­мөндөгүдөй пикирлер бар: 1) кельт-гот уруула­рына таандык; 2) енисей кыргыздарынын жа­зуусу; 3) грек-гот алфавити менен түздөн-түз байланыштуу; 4) унутулган орус жазуусунун үл­гүсү; 5) аска бетине жазылган финн-угор там­галарынын үлгүсү; 6) гректин түндүк финикий, түштүк семит алфавиттери менен жакындыгы бар; 7) иран­дын тамгаларына окшоштугу бар; 8) грек алфа­витинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган; 9) биздин заманга чейинки VIII–V кылымдардагы Казакстан­дагы Ысык көрүстөнүндөгү «алтын адамдын» жанынан табылган күмүш табактын түбүндөгү жазуу байыркы түрк рун жазуусунун башаты; 10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде рун жазуу­су согду жазуусунун негизинде жаралган. Рун жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын жана ага мүнөздүү үндүү тамгаларды бел­гилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсе­бине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Ж. Клосондун изилдөөсү боюнча согду жазуусу­нан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуусу пайда­ланылган. Байыркы рун алфавитин VII–IX кылымдарда Орто Азиянын көптөгөн мамлекеттери пайдалан­ган. X кылымда рун жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, Орто Азиянын түндүк чыгышында X–XI кылымдарга чейин пайдаланган. С. Г. Кляшторный байыркы рун жазмасын колдонулганына, мезгилине, аймагына жана жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: VIII–XI кылымдардагы Кыргыз каганды­гынын жазуулары (Енисей бою); VII–VIII кылымдардагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай);VIII–X кылымдардагы Курыкан уруу бирикмеси­нин жазуулары (Лена, Прибайкалье); VIII–IX кылымдардагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); VIII кылымдагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жети-Суу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгач таякчадагы жазуу); IX–X кылымдардагы Кимак мамлекетинин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиографикалык текст­тер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчун­дуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы жана Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы бел­гилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). VIII–XI кылымдарда Енисей боюнда жаралган рун жазуулары Талас­тагы жазуулар менен жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазуулардын мүнөзүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калк­тын бир бөлүгү да аны жаза билишкен. Жазуу­ларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүлгөн.

Ад.: Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории средней Азии. М., 1964; Жумагулов Ч. Эпиграфические памятники Киргизии. Ф., 1988.

К. Табалдиев.