БАКЕ МАРМАР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera moved page БАКЕ МРАМОР КЕНИ to БАКЕ МАРМАР КЕНИ) |
(Айырма жок)
|
09:52, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАКЕ МАРМАР КЕНИ Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 14 км түндүктө, Чүй дарыясынын оң өйүзүндө, Кара-Тоо тоосунун түндүк.-батыш капталында. Кен 1928-жылы табылып, 1957-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлгөн. Мармар катмары таш көмүр мезгилинде пайда болгон чөкмө тектердин арасында түндүк-чыгышка карай созулуп жатат. Калыңдыгы 23-50 м, узундугу 500-800 м. Өңү ак, боз, жол-жол темгилдүү. Майда кристаллдуу, өтө жаракалуу, монолиттердин өлчөмү 0,006-0,01 м3. Жакшы сайкалданат. Мармар күкүм түрүндө колдонулат. Жалпы запасы С1 ж-а С2 категориялары боюнча 3987 миң м3. Дубалдарды каптоого, белек буюм жасоого жарактуу. 3-100.