БАЛКАРЛАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛКАРЛАР '''(өздөрүн т а у л у л а, м а | '''БАЛКАРЛАР '''(өздөрүн т а у л у л а, м а л к а р л ы л а деп аташат) - Кабарда-Балкар Республикасынын (Россия) жергиликтүү калкы. Жалпы саны 108,4 миң киши, анын 104,9 миңи Кабарда- Балкарда (2002), ошондой эле Казакстанда (6 миңдей), Кыргызстанда (2 миңдей) жашашат. Карачай-балкар тилинде сүйлөшөт. Мусулман-сунниттер. Кав­каздын байыркы кавказ тилдүү жергиликтүү элдери, иран жана түрк тилдүү уруулардын (алан, болгар, хазар жана башкалар, өзгөчө кыпчактар) ассимиля­цияланышы менен Балкарлар XIII кылымда эл болуп калыптанган. Чынгыз хандын аскерлеринин кол салуусу­нун мезгилинде (XIII кылым) Балкарлардын ата-бабалары Борбордук Кавказдын тоолуу тилкелерине сүрүлгөн да, XIX кылымдын 2-жарымында кайрадан алардын бир азыраагы түздүктүү жерлерге көчүп келишкен. | ||
[[File:БАЛКАРЛАР54.png | thumb | none]] | [[File:БАЛКАРЛАР54.png | thumb | none]] | ||
Балкар, кабардин, сван, | Балкар, кабардин, сван, карачай, грузин-рачиндер сы­яктуу коңшу элдер, ошондой эле XVII кылымдын ортосунан орустар менен тыгыз мамиледе. 1922-жылы Кабарда- Балкар автономиялык облусу, 1936-жылы Кабарда- Балкар АССРи түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилинде 1944-жылы Балкарлар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-жылы Кабарда- Балкар АССРи калыбына келтирилип, Балкарлар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Алар негизи­нен мал чарбачылык, дыйканчылык, балчылык, аңчылык менен кесип кылышып, карапайым эл­дери таштан салынган төбөсү жалпак бир ка­баттуу, ал эми оокаттуу үй-бүлөлөр эки кабат­туу, мунаралуу үйлөрдө жашашкан. Эркектер бешмант, черкеска, тон, бурка, папах, башлык кийишип, белдерине ичке кур курчанып, кан­жар тагынышкан, аялдары туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, башына жамынма жоолук салынып, саймаланган кийимдерди кийишкен, алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды колдо­нушкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азык­тарынан даярдалып, балды кенен колдонушат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] |
03:58, 14 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАЛКАРЛАР (өздөрүн т а у л у л а, м а л к а р л ы л а деп аташат) - Кабарда-Балкар Республикасынын (Россия) жергиликтүү калкы. Жалпы саны 108,4 миң киши, анын 104,9 миңи Кабарда- Балкарда (2002), ошондой эле Казакстанда (6 миңдей), Кыргызстанда (2 миңдей) жашашат. Карачай-балкар тилинде сүйлөшөт. Мусулман-сунниттер. Кавказдын байыркы кавказ тилдүү жергиликтүү элдери, иран жана түрк тилдүү уруулардын (алан, болгар, хазар жана башкалар, өзгөчө кыпчактар) ассимиляцияланышы менен Балкарлар XIII кылымда эл болуп калыптанган. Чынгыз хандын аскерлеринин кол салуусунун мезгилинде (XIII кылым) Балкарлардын ата-бабалары Борбордук Кавказдын тоолуу тилкелерине сүрүлгөн да, XIX кылымдын 2-жарымында кайрадан алардын бир азыраагы түздүктүү жерлерге көчүп келишкен.

Балкар, кабардин, сван, карачай, грузин-рачиндер сыяктуу коңшу элдер, ошондой эле XVII кылымдын ортосунан орустар менен тыгыз мамиледе. 1922-жылы Кабарда- Балкар автономиялык облусу, 1936-жылы Кабарда- Балкар АССРи түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 1944-жылы Балкарлар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчүрүлгөн. 1957-жылы Кабарда- Балкар АССРи калыбына келтирилип, Балкарлар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Алар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, балчылык, аңчылык менен кесип кылышып, карапайым элдери таштан салынган төбөсү жалпак бир кабаттуу, ал эми оокаттуу үй-бүлөлөр эки кабаттуу, мунаралуу үйлөрдө жашашкан. Эркектер бешмант, черкеска, тон, бурка, папах, башлык кийишип, белдерине ичке кур курчанып, канжар тагынышкан, аялдары туника сыяктуу көйнөк, кенен шым, башына жамынма жоолук салынып, саймаланган кийимдерди кийишкен, алтын, күмүштөн жасалган кооздуктарды колдонушкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктарынан даярдалып, балды кенен колдонушат.