БАКИРОВ Насипбек: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page БАКИРОВ to БАКИРОВ Насипбек) |
(Айырма жок)
|
03:39, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БАКИРОВ Насипбек (7.9. 1936, Чүй облусу, Москва району, Ак-Башат кыштагы - 28.11. 2003, Бишкек) - география илимдеринин кандидаты (1974), профессор (2002). 1958-жылы КМУнун география факультетин бүткөн. 1958- 63-жылдарда мектепте мугалим, 1967-жылдан КМУнун география факультетинин окутуучусу, 1984-жылдан кафедра башчысы, профессору болуп эмгектенген. Бакиров - экономикалык ж-а социалдык география боюнча адис, 150дөн ашуун илимий ж-а методикалык эмгектердин, анын ичинде 4 монографиянын, 4 окуу китебинин автору. «Кыргыз Республикасынын географиясы» окуу китеби үчүн (авторлош) КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон (2000).
Эмг.: Чүй өрөөнү. Ф., 1995; Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясы. Ф., 1999.