БАЛТА-БЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page БАЛТАБЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ to БАЛТА-БЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ) |
(Айырма жок)
|
05:27, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БАЛТАБЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ - байыркы түрк дооруна таандык көрүстөндөр. Кара-Кужур өрөөнүндөгү Туура-Суу жана Жер-Көчкү айылдарынын аралыгындагы дөңсөөдө жайгашкан. Бейиттин күн батыш тарабындагы түздүктө байыркы түрк дооруна (VI-X кылымдар) мүнөздүү маркум болгон адамдарга арналган төрт чарчы таш коргончолор жайгашкан. Ар бир коргончонун узун-туурасы 3,4-3,8 м. Маркумга арналган ырым-жырымдар ушул коргончонун ичинде аткарылган. Күлдүн калдыктарына жана малдын сөөктөрүнө караган да, ырымдарды аткаруу учурунда от жагышкан жана малды маркумга арнап садага чабышкан. Коргончолордун күн батыш тарабына адамдын бет келбети түшүрүлгөн таш балбалдар орнотулган (кээсинде гана сүрөтү жок, жөн гана таш мамы). Балбалдардагы ар бир адамдын бет келбети бири биринен айырмаланат. Болжолу ар бирине маркумдун сүрөтүн түшүрүүгө аракет кылышкан. Көбүнчө муруттуу эркектин сүрөтү арбын. Кыргызстанда жана ага коңшулаш аймактарда буга чейин кездешпеген аял келбеттүү, үч мүйүздүү баш кийими бар балбал табылган. 1990-жылы К.Табалдиев археолиялык изилдөө ишин жүргүзгөн. К. Табалдиев.