ГЮГО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЮГО́ Виктор Мари (26. 2. 1802, Франция, Безансон – 22. 5. 1885, Париж, Франция) – француз жазуучусу, акын, драматург, публицист, саясий ж-а коомдук ишмер ж-а француз демокр. романтизмин негиздөөчүлөрдүн бири. Сена департаментиндеги Франциянын сенатору (1876–1885), Француз академиясынын мүчөсү (1841). Алгачкы «Одалар жана ар түрдүү ырлар» (1822) жыйнагында Бурбондор династиясын жактаган. «Испаниялык Ган» аттуу биринчи романы 1823-ж. жарык көргөн. «Чыгыш обондору» ыр жыйнагын (1928), о. эле «Марион Делорм», «Эрнани» (1829), «Рюи Блаз» (1838) аттуу пьесаларын жазган. «Кромвель» драмасынын (1827) башсөзү француз романтиктеринин демокр. тобунун манифести болуп калган. «Париждеги теӊир эне собору» тарыхый романы (1831) чиркөө м-н монархияга каршы жазылган. Ал «Күзгү жалбырактар» (1831), «Күүгүмдөгү ырлар» (1835), «Ички кайрыктар»

В. М. Гюго. Л. Бонн тарткан портрет. 1880.

(1837), «Шоолалар жана көлөкөлөр» (1840) ыр жыйнактарын жарыялаган. Луи Наполеон Бонапарттын мамл. төӊкөрүшүнөн кийин 1851-ж. эмиграцияга кетип, «Кичинекей Наполеон» памфлетин (1852), «Жаза» сатиралык ыр жыйнагын (1853) жазган. Г. – «Чыгыш мотивдери» (1829), «Кылымдар легендасы» (1–3 том, 1859–83) ыр жыйнактарынын, «Куугунтук жегендер» (1862), «Деӊиз мээнеткечтери» (1866), «Күлүп турган адам» (1869), Улуу француз рев-ясы ж-дөгү «Токсон үчүнчү жыл» (1874) аттуу белгилүү романдардын автору. 19-к-да орустун алдыӊкы жазуучулары, а. и. А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, М. Е. Салтыков-Щедрин Г-нун чыг-лыгынын коомдук мазмунун жогору баалашкан. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Чыг.: Куугунтук жегендер. Ф., 1960; Избр. произв. Т. 1–2. М.; Л., 1952. Ад.: Евнина Е. М. Виктор Гюго. М., 1976.