БАЛЛИСТИКА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛЛИСТИКА '''(нем. Ваllіstік | '''БАЛЛИСТИКА '''(нем. Ваllіstік – ыргытам) – артиллерия снаряды, авиабомба, мина, гранат жана ок-дарынын, ошондой эле ракета жана анын согуш блокторунун, космос аппаратынын жана башкалардын кыймылы жөнүндөгү илим. Мындай кыймылга нер­сени запас кинетикалык энергияга ээ кылуучу күүлөнүп (активдүү) учуу жана ал энергияны чөйрө каршылыгын, оордук күчүн жеңүүгө сарптаган эркин (пассивдүү) учуу мүнөздүү. Баллистика теориялык жана асман механикасынын, термо-, газо­ жана аэродинамиканын, ок-дарынын күйүү, математикалык статистика теорияларынын, ыктымалдык жана башкаруу теориясынын ж. б. закондорго негиз­делет. Баллистиканын негизги ыкмасы – снаряд жана ракета кыймылдарын детерминацияланган жана стохастикалык мазмундагы дифференциалдык ж. б. теңдемелер системасына негизделген эсептөө техникасынын жардамы менен математикалык моделдөө. Аскер ишинде, космонавтикада, криминалистикада ж. б-да кеңири пайдаланылат. Най системасынын жана ракетанын (реактивдүү снаряддын) Баллистикасынын курамдык бөлүктөрү бо­луп ички жана сырткы баллистика эсептелет. И ч к и баллистика – курал найынын каналында ыргытуучу заряд күйгөндө пайда болгон газдын таасири астындагы снаряддын кыймылын, ошондой эле аткан учурда найдын каналында же ракетанын күйүү камерасында пайда болгон башка процесстер­дин закон ченемдүүлүгүн изилдейт. Анын негизги бөлүмдөрү: пиростатика, пиродинамика, ку­ралды Баллистикалык долбоорлоо. С ы р т к ы баллистика – кыймылга келтирүүчү түзүлмөнүн өз ара аракети, ошондой эле бул кыймылга таасир этүүчү факторлор токтогондон кийинки ракета, снаряд ж. б-дын кыймылын изилдейт. Анын ыкмалары башка­руучу күчтөр жана моменттердин таасирисиз космос аппаратынын кыймылынын закон ченемдүүлүгүн окуп-үйрөнүүдө колдонулат. Баллистика Байыр­кы Грекияда Архимеддин атуучу куралдарды (катапульта, баллиста ж. б.) жасоосуна жана аларды колдонууга байланыштуу пайда болгон. Снаряддын кыймылын окуп-үйрөнүү 17–18-кылымдар­да X. Гюйгенс (Нидерланд), П. Вариньон (Франция), И. ''Бернулли'', Л. ''Эйлер'' (Швейцария) ж. б-дын иштери менен байланыштуу өнүккөн. 20-кылымда орус окумуштуулары Н. Ф. Дроздов, И. П. Граве, Н. А. Забудский ж. б-дын баллистиканын негизги маселелерин чечүүгө жана эсептөө ыкма­сын өнүктүрүүгө байланышкан иштери дүйнөгө белгилүү болгон. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
05:37, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛЛИСТИКА (нем. Ваllіstік – ыргытам) – артиллерия снаряды, авиабомба, мина, гранат жана ок-дарынын, ошондой эле ракета жана анын согуш блокторунун, космос аппаратынын жана башкалардын кыймылы жөнүндөгү илим. Мындай кыймылга нерсени запас кинетикалык энергияга ээ кылуучу күүлөнүп (активдүү) учуу жана ал энергияны чөйрө каршылыгын, оордук күчүн жеңүүгө сарптаган эркин (пассивдүү) учуу мүнөздүү. Баллистика теориялык жана асман механикасынын, термо-, газо жана аэродинамиканын, ок-дарынын күйүү, математикалык статистика теорияларынын, ыктымалдык жана башкаруу теориясынын ж. б. закондорго негизделет. Баллистиканын негизги ыкмасы – снаряд жана ракета кыймылдарын детерминацияланган жана стохастикалык мазмундагы дифференциалдык ж. б. теңдемелер системасына негизделген эсептөө техникасынын жардамы менен математикалык моделдөө. Аскер ишинде, космонавтикада, криминалистикада ж. б-да кеңири пайдаланылат. Най системасынын жана ракетанын (реактивдүү снаряддын) Баллистикасынын курамдык бөлүктөрү болуп ички жана сырткы баллистика эсептелет. И ч к и баллистика – курал найынын каналында ыргытуучу заряд күйгөндө пайда болгон газдын таасири астындагы снаряддын кыймылын, ошондой эле аткан учурда найдын каналында же ракетанын күйүү камерасында пайда болгон башка процесстердин закон ченемдүүлүгүн изилдейт. Анын негизги бөлүмдөрү: пиростатика, пиродинамика, куралды Баллистикалык долбоорлоо. С ы р т к ы баллистика – кыймылга келтирүүчү түзүлмөнүн өз ара аракети, ошондой эле бул кыймылга таасир этүүчү факторлор токтогондон кийинки ракета, снаряд ж. б-дын кыймылын изилдейт. Анын ыкмалары башкаруучу күчтөр жана моменттердин таасирисиз космос аппаратынын кыймылынын закон ченемдүүлүгүн окуп-үйрөнүүдө колдонулат. Баллистика Байыркы Грекияда Архимеддин атуучу куралдарды (катапульта, баллиста ж. б.) жасоосуна жана аларды колдонууга байланыштуу пайда болгон. Снаряддын кыймылын окуп-үйрөнүү 17–18-кылымдарда X. Гюйгенс (Нидерланд), П. Вариньон (Франция), И. Бернулли, Л. Эйлер (Швейцария) ж. б-дын иштери менен байланыштуу өнүккөн. 20-кылымда орус окумуштуулары Н. Ф. Дроздов, И. П. Граве, Н. А. Забудский ж. б-дын баллистиканын негизги маселелерин чечүүгө жана эсептөө ыкмасын өнүктүрүүгө байланышкан иштери дүйнөгө белгилүү болгон.