ГЯУРОВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЯУ́РОВ Николай (13.9.1929, Велинград, Болгария – 2.6.2004, Италия, Моден) – болгар опера ырчысы (бас), БЭР эл арт. (1962). София консервато-

риясында окуган, Москва консерваториясында билимин жогорулаткан (1955). 1956-жылдан София элдик театрында, 1957–58-ж. СССР Чоӊ театрында, 1960–2004-ж. «Ла Скала» театрында (Милан) солист. Комедиялык ж-а лирикалык партияларды аткарган: Дон Базилио (Россини, «Севильялык чачтарач»), Мефистофель (Гуно, «Фауст»), Пимен ж-а Варлаам (Мусоргский, «Борис Годунов»), Галицкий (Бородин, «Князь Игорь»), Креон (Керубини, «Медея»), Гремин (Чайковский, «Евгений Онегин») ж. б. Дүйнөнүн ири театрларында ырдаган.