БЕЙШЕЕВ Закон: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы

БЕЙШЕЕВ 1 Закон (5. 12. 1936-ж. т., Ысыккөл обл., Жетөгүз р-ну, Саруу кыш.) – туңгуч кыр­гыз энциклопедиячыларынын бири, инженер-геолог, журналист, КРдин

мад-тка эмг. сиң. ишмери (1994), КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1998). 1958-ж. ФПИнин тоокен ж-а геоло­гия ф-тин бүтүргөн. 1958– 71-ж. Кыргыз геология башкармасынын тарма­гында геолог, отряд жетек­чиси болуп эмгектенген. 1972-жылдан Кыргыз совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында ил. редактор, улук ил. редактор, редакция баш­чысы, жооптуу секретарь, башкы редакторго орунбасар. Б. кыргыз элинин тарыхындагы ал­гачкы көп томдуу улуттук-универсалдык энцик­лопедияны даярдоого орчундуу салым кошкон. «Манас энциклопедиясын» чыгаруу демилгесин көтөргөн, респ-нын ил.-маалыматтама басмасын калыптандырууда чоң эмгек сиңирген. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлер­дин респ. «Эскерүү» китебин түзүүгө редколле­гия мүчөсү катары активдүү катышкан. Публ. макалалары ж-а даректүү баяндары, чакан аң­гемелери, техника б-ча окуу китептеринин ко­тормолору жарык көргөн. Даңк ж. б. медалдар м-н сыйланган.