БЕЙШЕЕВА: нускалардын айырмасы
vol2_146_225_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
08:55, 18 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЙШЕЕВА Асанбүбү (22. 9. 1939-ж. т., Ысыккөл обл., Тоң р-ну, Актерек кыш.) – КРдин эл арт. (1992). Ысыккөл драма театрында (1960– 62), Нарын муз. драма театрында (1962–73),

1973-жылдан Ош кыргыз драма театрында иштеген. Б. ар кыл каармандардын образын түзүп, жекече мүнөз таба билген актриса. Аткарган негизги ролдору: Эне (А. Дударев, «Босого»), Тотой (Ч. Айтматов, «Бетме бет»), Кумири (Ж. Садыков,
«Жүрөккө жүрөк жашынат»), Таңгабийке (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Тоту (К. Жантөшев, «Каныбек»), Айша апа (Ч. Айтматов, «Фудзиямадагы кадыр түн») ж. б. ж-а дүйнөлүк классикалык чыгармалардан Г. Йоркская (В. Шекспир, «Ричард III»), Мөөржан (М. Ауэзов, «Кара көз»), Марфа (Н. Лесков, «Макбет айым») ж. б. Театрда 30 жылдан ашуун иштеп, көптөгөн жаркын образдарды жаратты. Ж. Садыковдун «Ак Мөөр» спектаклиндеги аялдын (Таберик) ролун мыкты аткарып, 1992-ж. респ. «Нооруз-92» театр фестивалынын жеңүүчүсү болгон.
