БЕЙШЕНАЛИЕВ Болот: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕЙШЕНАЛИЕВ | '''БЕЙШЕНАЛИЕВ''' '''Болот''' (25. 6. 1935, Чүй облусу, Кемин району, Калмак-Ашуу кыштагы – 17. 11. 2001, Бишкек) – артист, киноактёр, КРдин эл артисти (1995), «Алтын көпүрө» (Казакстан) эл аралык сыйлыгынын лауреаты (2001). Кыр­гыз мамлекеттик опера ж-а балет театрынын алдындагы 2 жылдык студияны, А. Н. Островский атындагы Ташкен те­атр искусствосу институтун (1962) бүтүргөн. | ||
Кемин | |||
театрынын алдындагы 2 жылдык студияны, А. Н. Островский | |||
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВ 25.png | thumb | none]] | [[File:БЕЙШЕНАЛИЕВ 25.png | thumb | none]] | ||
«Кыргызфильм» киностудиясында режиссёр­дун ассистенти, актёр, Кыр­гыз | «Кыргызфильм» киностудиясында режиссёр­дун ассистенти, актёр, Кыр­гыз мамлекеттик академиялык драма те­атрында (1970–75), «Мос­фильм» киностудиясында (1976–91), 1992-жылдан республликалык жаштар театрын­да эмгектенген. Бейшеналиев театрда ж-а кинодо көптөгөн аркыл мүнөздөгү образдарды түзгөн. Театрда аткарган ролдору: Ассистент (Н. Хикмет, «Уну­тулган адам»), Дербиш (М. Карим, «Ай тутул­ган түндө»), Исабеков (Ч. Айтматов, К. Муха­меджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн») ж. б. «Кыргызфильм» студиясында тартылган кино­фильмдерде Боз үйдүн ээси («Тайгак кечүү», 1964), Болот («Ак Мөөр», 1968), Касым («Саман­чынын жолу», 1967), Эркин («Көз кареги», 1975), Дүйшөн («Биринчи мугалим», 1965), Азизов («Ур­куя», 1970), Дубана («Манас ааламы», 1995), Карыя («Томого», 2001) ж. б. образдарды жарат­кан. Он алты жыл «Мосфильм» киностудиясын­да иштеп, башкы ж-а эпизоддук ролдорду ат- | ||
(1976–91), 1992-жылдан | |||
«Кыргызфильм» студиясында тартылган кино­фильмдерде Боз үйдүн ээси («Тайгак кечүү», 1964), Болот («Ак Мөөр», 1968), Касым («Саман­чынын жолу», 1967), Эркин («Көз кареги», 1975), Дүйшөн («Биринчи мугалим», 1965), Азизов («Ур­куя», 1970), Дубана («Манас ааламы», 1995), Карыя («Томого», 2001) ж. б. образдарды жарат­кан. Он алты жыл «Мосфильм» киностудиясын­да иштеп, башкы ж-а эпизоддук ролдорду ат- | |||
[[File:БЕЙШЕНАЛИЕВ 26.png | thumb | «Биринчи мугалим» фильминен көрүнүш. Дүйшөн – Б. Бейшеналиев, Алтынай – Н. Аринбасарова.]] | [[File:БЕЙШЕНАЛИЕВ 26.png | thumb | «Биринчи мугалим» фильминен көрүнүш. Дүйшөн – Б. Бейшеналиев, Алтынай – Н. Аринбасарова.]] | ||
11 сап: | 7 сап: | ||
карган. Белгилүү орус кинорежиссёру А. Тар­ковскийдин «Андрей Рублёв» кинофильминде хандын ролун ойногон (1967). | карган. Белгилүү орус кинорежиссёру А. Тар­ковскийдин «Андрей Рублёв» кинофильминде хандын ролун ойногон (1967). Бейшеналиев 1991-жылы Кыргызста­нга кайтып келген. Жаңы заман ж-а келечек муун үчүн күрөш жүргүзгөн оптимисттик рухта­гы Дүйшөн, Миркамил сыяктуу революционер­лердин, тарыхта аты калган хандардын гана образдарын жаратпастан, согуш темасындагы фильмдерде аскер адамдарынын мүнөздөрүн да терең ачып берген. «Ташка баткан элестер» (реж. Ү. Ибрагимов, 1975) фильминде майдандан жа­радар болуп келген Эсенгелдинин образын көрүүчүлөргө ишенимдүү тартуулаган. «Гоби жана Хинган аркылуу» (реж. В. Ордынский, 1981) фильминдеги япон генералы Сиро Исси­нин, ашкере канкор адамдын ролун аткарган. Бейшеналиевдин чыгармачылыгы «Өзбекфильм» студиясы м-н да байланыштуу: Каюм («Келгин куштар», 1966), комиссар М. Миршарапов («Кызыл кумдар», 1968), Качкын («Акыркы ок», 1973), Спаут («Абу Рейхан аль-Бируни», 1974) ж. б., ошондой эле «Казак­фильм» студиясында – Таир («Горизонттор», 1972), Ван («Ажыдаар жылы», 1981), Тыңчы («Даңазалуу Чокан», 1984), Бөжөй («Абай», 1990), Чыңгызхан («Отрардын кыйрашы», 1991), хан Эмир («Алардын эң назиги», 1996) ж. б., «Тажикфильм» студиясында Саттар («Унутта калган ашуу сыры», 1972), Мырзакул («Ганг таңы», 1976), Көз боочу («Ак илбирстер», 1984) ж. б. образдарды жараткан. Ал Венгрия­нын «Мафильм», Чехословакиянын «Барран­дов», Германиянын «ДЕФА», ошондой эле «Бела­русфильм», «Довженко», «Молдовафильм», «Ленфильм», «Экран», «Свердловфильм», «Горь­кий», «Одесса» киностудияларында да киного тартылган. Бейшеналиев кинематографияга арнаган отуз жети жылдык өмүрүндө 100дөй кинодо кайта­лангыс образдарды жараткан. Монгол Респуб­ликасынын Достук ордени м-н сыйланган. | ||
«Ленфильм», «Экран», «Свердловфильм», «Горь­кий», «Одесса» киностудияларында да киного тартылган. | |||
<p align='right'>''Н. Жылдызова.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | <p align='right'>''Н. Жылдызова.'' </p>[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | ||
10:45, 19 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
БЕЙШЕНАЛИЕВ Болот (25. 6. 1935, Чүй облусу, Кемин району, Калмак-Ашуу кыштагы – 17. 11. 2001, Бишкек) – артист, киноактёр, КРдин эл артисти (1995), «Алтын көпүрө» (Казакстан) эл аралык сыйлыгынын лауреаты (2001). Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрынын алдындагы 2 жылдык студияны, А. Н. Островский атындагы Ташкен театр искусствосу институтун (1962) бүтүргөн.

«Кыргызфильм» киностудиясында режиссёрдун ассистенти, актёр, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында (1970–75), «Мосфильм» киностудиясында (1976–91), 1992-жылдан республликалык жаштар театрында эмгектенген. Бейшеналиев театрда ж-а кинодо көптөгөн аркыл мүнөздөгү образдарды түзгөн. Театрда аткарган ролдору: Ассистент (Н. Хикмет, «Унутулган адам»), Дербиш (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Исабеков (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн») ж. б. «Кыргызфильм» студиясында тартылган кинофильмдерде Боз үйдүн ээси («Тайгак кечүү», 1964), Болот («Ак Мөөр», 1968), Касым («Саманчынын жолу», 1967), Эркин («Көз кареги», 1975), Дүйшөн («Биринчи мугалим», 1965), Азизов («Уркуя», 1970), Дубана («Манас ааламы», 1995), Карыя («Томого», 2001) ж. б. образдарды жараткан. Он алты жыл «Мосфильм» киностудиясында иштеп, башкы ж-а эпизоддук ролдорду ат-

карган. Белгилүү орус кинорежиссёру А. Тарковскийдин «Андрей Рублёв» кинофильминде хандын ролун ойногон (1967). Бейшеналиев 1991-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Жаңы заман ж-а келечек муун үчүн күрөш жүргүзгөн оптимисттик рухтагы Дүйшөн, Миркамил сыяктуу революционерлердин, тарыхта аты калган хандардын гана образдарын жаратпастан, согуш темасындагы фильмдерде аскер адамдарынын мүнөздөрүн да терең ачып берген. «Ташка баткан элестер» (реж. Ү. Ибрагимов, 1975) фильминде майдандан жарадар болуп келген Эсенгелдинин образын көрүүчүлөргө ишенимдүү тартуулаган. «Гоби жана Хинган аркылуу» (реж. В. Ордынский, 1981) фильминдеги япон генералы Сиро Иссинин, ашкере канкор адамдын ролун аткарган. Бейшеналиевдин чыгармачылыгы «Өзбекфильм» студиясы м-н да байланыштуу: Каюм («Келгин куштар», 1966), комиссар М. Миршарапов («Кызыл кумдар», 1968), Качкын («Акыркы ок», 1973), Спаут («Абу Рейхан аль-Бируни», 1974) ж. б., ошондой эле «Казакфильм» студиясында – Таир («Горизонттор», 1972), Ван («Ажыдаар жылы», 1981), Тыңчы («Даңазалуу Чокан», 1984), Бөжөй («Абай», 1990), Чыңгызхан («Отрардын кыйрашы», 1991), хан Эмир («Алардын эң назиги», 1996) ж. б., «Тажикфильм» студиясында Саттар («Унутта калган ашуу сыры», 1972), Мырзакул («Ганг таңы», 1976), Көз боочу («Ак илбирстер», 1984) ж. б. образдарды жараткан. Ал Венгриянын «Мафильм», Чехословакиянын «Баррандов», Германиянын «ДЕФА», ошондой эле «Беларусфильм», «Довженко», «Молдовафильм», «Ленфильм», «Экран», «Свердловфильм», «Горький», «Одесса» киностудияларында да киного тартылган. Бейшеналиев кинематографияга арнаган отуз жети жылдык өмүрүндө 100дөй кинодо кайталангыс образдарды жараткан. Монгол Республикасынын Достук ордени м-н сыйланган.
Н. Жылдызова.