БЕК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕК''' , б е й, б и й (түрк. – бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – 1) Жакынкы ж-а Ортоң­ку Чыгыш өлкөлөрүндө ак сөөктөрдүн, | '''БЕК''' , б е й, б и й (түрк. – бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – 1) Жакынкы ж-а Ортоң­ку Чыгыш өлкөлөрүндө ак сөөктөрдүн, Орто Азия ж-а Закавказье аймактарында орто кылымдарда ж-а жаңы доордо жер ээлеринин титулу. 2) Түр­кияда 19-кылымдын экинчи жарымынан 1934-жыл­га чейин бийик мансаптууларга кайрылуунун бир түрү. 3) Тунис өлкөсүндө 1705–1957-жылдарда баш­каруучу. Бек Борбордук Азияда ''Түрк кагандыгы'' доо­рунан белгилүү. Ал мезгилде Бектер сот бийли­гинде, салык жыйноочу ж. б. кызматтарды ат­карган, ошондой эле кээде аймак башкаруучу, кээде уруу башчысы катары да болгон. ''Караханиддер мамлекетинде'' да кагандан кийинки бийлик төбөлдөрү Бектердин арасынан чыккан. Чынгыз­хандын аскер башчылары да Бек деп аталган. ''Алтын Ордонун'' ханы мусулман динин кабыл алган монгол нойондоруна Бек титулун берген. Амир Темирдин тушунда аскер башчылар ара­сынан колбашчы дайындалып, мындай даража­га ээ болгон Бекке аскердик туу, аскер башчы­нын асабасы салтанаттуу тапшырылган. Алар­га аткарган кызматына, даражасына жараша улустар, аймактар бөлүнүп берилген. Орто Азия мамлекеттеринде 1917-жылга чейин ''аталык­тан'' кийинки кызмат даража катары саналган. Кыргызстанда Кокон хандыгынын тушунда Бек хан тарабынан дайындалып, бир вилайетти башка­рып турган. Ал түздөн-түз ханга баш ийип, вилайетте бийликти өз колунда кармап, элден алык-салык жыйнатып, хандын казынасына өт­көргөн, хандын аскерине толуктоо жиберип, өз вилайетиндеги жоокерлерге башчылык кылган. Кыргыз Бектеринин бир катары Кокон хандыгы­нын тиреги болуп келишкен. Мансаптан ажы­раса деле аларда Бек наамы сакталып калган. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] | |||
05:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2025 -га соңку нускасы
БЕК , б е й, б и й (түрк. – бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – 1) Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө ак сөөктөрдүн, Орто Азия ж-а Закавказье аймактарында орто кылымдарда ж-а жаңы доордо жер ээлеринин титулу. 2) Түркияда 19-кылымдын экинчи жарымынан 1934-жылга чейин бийик мансаптууларга кайрылуунун бир түрү. 3) Тунис өлкөсүндө 1705–1957-жылдарда башкаруучу. Бек Борбордук Азияда Түрк кагандыгы доорунан белгилүү. Ал мезгилде Бектер сот бийлигинде, салык жыйноочу ж. б. кызматтарды аткарган, ошондой эле кээде аймак башкаруучу, кээде уруу башчысы катары да болгон. Караханиддер мамлекетинде да кагандан кийинки бийлик төбөлдөрү Бектердин арасынан чыккан. Чынгызхандын аскер башчылары да Бек деп аталган. Алтын Ордонун ханы мусулман динин кабыл алган монгол нойондоруна Бек титулун берген. Амир Темирдин тушунда аскер башчылар арасынан колбашчы дайындалып, мындай даражага ээ болгон Бекке аскердик туу, аскер башчынын асабасы салтанаттуу тапшырылган. Аларга аткарган кызматына, даражасына жараша улустар, аймактар бөлүнүп берилген. Орто Азия мамлекеттеринде 1917-жылга чейин аталыктан кийинки кызмат даража катары саналган. Кыргызстанда Кокон хандыгынын тушунда Бек хан тарабынан дайындалып, бир вилайетти башкарып турган. Ал түздөн-түз ханга баш ийип, вилайетте бийликти өз колунда кармап, элден алык-салык жыйнатып, хандын казынасына өткөргөн, хандын аскерине толуктоо жиберип, өз вилайетиндеги жоокерлерге башчылык кылган. Кыргыз Бектеринин бир катары Кокон хандыгынын тиреги болуп келишкен. Мансаптан ажыраса деле аларда Бек наамы сакталып калган.